"Тозок деген эмне экенин билгем". Италиялык сүрөтчүнүн зомбулукка каршы көргөзмөсү

Сүрөтчү эмгектерин эркиндик, аялдардын өз укугу үчүн күрөшүнө арнаганынын себеби бар. Ал мындан 14 жыл мурда өзү да өмүрлүк жолдошунан катуу зомбулукка кабылган экен.

 

Луиза Пильоненин көргөзмөсү зомбулукка кабылган айымдардын оор кырдаалдан чыгуусуна дем берүү, алардын жеке өнүгүүсүн артыруу максатында уюштурулган.
 

Көргөзмөгө 40 эмгек коюлду. Алардын көпчүлүгүндө айымдардын ички сезимдери, түрдүү эмоционалдык абалы чагылдырылган. Жалпылап айтканда философиялык ойлор катылган мындагы сүрөттөрдүн баарынан аялзатынын көөдөн кыйкырыгын сезүүгө болот.

32 жаштагы Луиза Пильоне кесиби боюнча медайым. Ал өзү жана эмгектери тууралуу буларды айтты:

“Негизи сүрөт дүйнөсүнө кичинемден эле кызыкчумун. Бирок үй-бүлөлүк зомбулуктан кийин менде жаңы шык жаралды. Бул жердеги эмгектерим өзүмдүн башымдан өткөргөн кыйынчылыктарды айтуунун жолу болду. Анткени өзүм да биринчи жолдошум тарабынан эки жарым жылдай запкы көрүп, тозок деген эмне экенин билгем. Аялдар темасына кайрылуумдун себеби да ушул болду. Италияда өзүмдөй зордук-зомбулук көргөн аялдарды көп иликтедим. Италиялык гезиттерден дал мендей түрдүү запкы көргөн аялдардын турмушу тууралуу маалыматтарды чогултуп жүрчүмүн. Бул сүрөттөрдө дал ошол чыныгы тагдырлар камтылды. Учурда сүрөтчү катары арт-терапия менен алектенип, аялдарга моралдык жактан жардам берүү жаатында иш алып барам".

Бул сүрөт "Кайрыма этиштер" деп аталат. Сүрөтчүнүн эмгектерине жакшылап үңүлгөн көрүүчү ар биринен жараланган жан дүйнөнү эле көрбөстөн, кандайдыр бир жаркын үмүткө чакырык турганын да туя алат. 

Уюштуруучулар көргөзмөгө коюлган Луизанын эмгектеринин оригиналы Италияда 5 миң евродон жогору бааланарын, бирок автордун уруксаты менен мында бир топ эмгектердин көчүрмөсү да коюлганын, алар 6 миң сомдон сатыларын айтышты. Түшкөн каражат өлкөдө зомбулуктан жапа чеккен аялдарга которулары белгилүү болду.

Жаркын, эркин жашоого умтулган айымдын сүрөтү.

"Чектен ашканда" деп аталган эмгек.

Луиза Пильонени Кыргызстанга көргөзмөнүн уюштуруучулары - психолог Мээрим Мураталиева жана журналист Гүлзада Шаршеналиевалар чакырган.
Мураталиева мындагы сүрөттөр аялдардын өзүн колго алуусуна өбөлгө болот деген пикирде:

"Бизде кыздын кырк чачы улуу деген накыл кеп бар эмеспи. Ушул себептен музейге 40 сүрөттү койдук. Бул көргөзмөнүн психологиялык мааниси абдан зор. Себеби сүрөттөрдө айымдардын зордук-зомбулукка кабылып, кайгырган учурлары дагы, анан бул абалдан сынбай чыккан учуру дагы тартылган. Башынан оор турмушту өткөрүп, запкы көрүп жүрүп, бул сүрөттү көргөн айымдар дагы "мен да жашоомду өзгөртсөм болот турбайбы" деп өзүн өзгөртүүгө кадам таштайт".

"Аялдарга карата жүрөк үшүн алган зомбулуктар бизде эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө болуп жатат. Болгону ошол нерсеге коомдун, мамлекеттин, мыйзамдын мамилеси ар өлкөдө ар башка экен. Зомбулукка кабылган аял өзүнүн психологиялык абалын жакшыртып, өзүн-өзү гана колго алмайынча анын маселесин эч ким чече албайт тура. Биздин кыргыз аялдары да чыгармачылыкка, кол өнөрчүлүккө шыктуу. Демек, зомбулук көргөндөр чөгүп, сынып калбастан, ичиндеги муң-арманын чыгармачылык менен чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар", - дейт иш-чаранын дагы бир уюштуруучусу, журналист Гүлзада Шаршеналиева.

Көргөзмөгө келген эл. 

Луизанын бул эмгеги "Дарылануу" деп аталат.

ИИМдин маалыматы боюнча Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 2022-жылы 8 миңден ашык, 2023-жылы 13 миңден ашык факты катталган.  

Көргөзмөнүн ачылышына бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана искусство сүйүүчүлөрү катышты. Иш-чарага Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Махабат Мавлянова колдоо көрсөткөн. Саамалыкта сөз сүйлөгөн акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргызстанда акыркы жылдары үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктар көбөйүп жатканын айтып, мындай жоруктарга коомду бирге каршы турууга чакырды.

Көргөзмөгө келген ар бир көрүүчүгө дал ушундай кызыл жиптен билерик белекке берилди. Бул сүрөтчү бардык эмгегин жүрөгүнөн өткөрүп тартканы деп түшүндүрүлдү. Аны көрүүчүлөр билегине тагуу менен сүрөтчүгө жана зомбулук көргөн аялдарга тилектештик билдиргендей болду.

“Жашыруун күндөлүк – күзгү артында жашоо” деп аталган көргөзмө Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде 2-августка чейин уланат.