Жалал-Абаддын бир нече аймагында сел боюнча эскертүү жарыяланды

Жалал-Абад. 2024-жылдын 23-июлу.

23-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жана Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн өздүк курамына кооптуу абалга байланыштуу эскертүү жарыяланды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Баштапкы маалымат боюнча, Базар-Коргондун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн Арстанбап айылында саат 18:30 чамасында нөшөр жамгырдын кесепетинен кокту-колоттон келген сел суусу ички жолду каптаган.

"Жол каттам ачык. Жерине саат 18:55те Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган. Мындан сырткары Арстанбап айылында көзөмөл жүргүзүүгө ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси, полковник Абдулнасир Закиров жөнөп кетти", - деп билдирди мекеме.

Социалдык түйүндөргө тараган видеолордон сел суусу кээ бир автомашиналарды агызып баратканын көрүүгө болот. (TB)

Дагы караңыз

Украин тышкы иштер министри согуш башталганы алгачкы жолу Бээжинге барды Арстанбапта сел жүрдүЖапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу августта башталарын айтты