Ал маегинде кантип депутат болгусу келгени, ректорлуктан кетишинин себеби, Бакиевдин партиясына кошулганы, Садыркуловдун өлүмү, өзү кантип спикер болгону, 7-апрелден кийин Кыргызстанга келе албаганы тууралуу айтып берди.
Зайнидин мырза, сиз 1978-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин тарых факультетинин бүтүргөндөн кийин Казакстандын Караганды мединститутунда окутуучу катары эмгек жолун баштапсыз. Эмне үчүн Кыргызстанга келген жоксуз?
Мен Ленинград университетин бүтүп келгенден кийин Билим берүү министрлигине барып, мени кайсы кызматка жибересиңер деп сурадым. Алар “Фрунзедеги каалаган мектепти тандаңыз, тарыхтан мугалим болосуз” дешти. “Мен айылдык университетти эмес, Ленинград университетин бүтүп жатпаймынбы” десем, алар мага “туура, айылдык университетти бүткөндөрдү айылдагы мектептерге, шаардык университетти бүткөндөрдү шаардык мектептерге жиберип жатабыз” деп жооп беришти. Анан башка университет, институттарга барып көрдүм. Баардык эле жерде жердештик, туугандык гүлдөп жаткан эле. Кыскасы Кыргызстанга батпаганда айлам жок Караганды шаарына кетип калгам... Казак туугандар жакшы кабыл алышты, эмгек жолум ошол жакта башталды.
1989-жылы тарыхчы коллегаңыз Сувакун Бегалиев экөөңүздөрдү бийлик “саясий жактан жетилбегендиги үчүн” деп жазалаган деп окуп калдым, ал эмне болгон жаза эле?
Ооба, ошондой болгон. “Билим” коому деген бар болчу, алар аркылуу ар кайсы жамааттарда лекция окучубуз. Анда “кайра куруу саясаты” келип калган болчу. Ачык сүйлөй баштаганбыз. Сувакун Бегалиевди 1-май райондук аткаруу комитетине, мени шаардагы 28-мектепке лекция окуйсуңар деп жиберишти. Бегалиев чиновниктерди алдына чыгып, кайра куруу шартында “кыргыз тилинде сүйлөбөсөңөр силерге кыйын болот” деп айтыптыр. Мен болсо “ачык айткан заман келди, 1916-жылы миңдеген кыргыздар бейажал өлүшкөн, падышанын огунан кырылган” деп айткам. Биздин ушул сөздөрүбүздү райком, шааркомдун чоңдору “саясий жактан жетилбегендик” катары баалап, жаза беребиз деп калышкан. Биз кол куушуруп отуруп берген жокбуз, тиешелүү жоопторду берип, күрөштү улантабыз деп чыкканбыз. Ошондо кичине чегинишкен.
Дагы караңыз “Акаев президент болгондо менин калпагымды кийгизишкен”Сиз 40 жашка чыга элегиңизде 1992-жылы азыркы Арабаев атындагы мамлекеттик университетине ректор болгонсуз. Бул жогорку окуу жайын жетектеп калышыңызга ал кездеги билим берүү министри Чынара Жакыпова себеп болгон деп калышат, чындыгы барбы?
Ооба, мени ректорлук кызматка Чынара Жакыпова чакырган. Менден сырткары Кадыралы Коңкобаевди Бишкек гуманитардык университетине ректор, Жусуп Пиримбаевди азыркы Улуттук университетке биринчи проректор кылып дайындаган да Чынара Шаршеевна болгон. Биздин талапкерлигибизди Акаев менен макулдашканын билем.
Эмне үчүн Арабаев университетинде 2 жылга жетпей эле ректор болгонсуз?
Анын себеби мындай. Чынара Жакыпова министр катары абдан катуу чыгып, бардык жерде реформаларды жасай баштаганбыз. Өзгөчө билим берүүдөгү коррупция, кландык көрүнүштөргө каршы катуу күрөш башталган. Башкысы, ал элге жагып жатты. Чынара Шаршеевнанын рейтинги Акаевдикинен ашып кетти. Жакыпова Ата Түрктөй эле боло баштаган. Аны президенттин айланасындагылар көрө албай жатышты. “Асманда бир эле күн болуш керек” деп ойлошту. Андай абалды жакшы түшүнгөн Чынара Шаршеевна арызын жазып берип, кызматтан кетип калган. Андан алты айдан кийин Жакыпованын кишиси дешип мени ректорлуктан кетиришкен. Ошондон бери Чынара Жакыпова мамлекеттик кызматка барган жок, кийинки президенттер деле кызмат берели деп чакырышты, бирок макул болбоду.
1993-жылы Жогорку Кеңешке шайлоого катышып, өтпөй калыпсыз. Илимпоз тарыхчы, архивист, окутуучу болсоңуз, саясатка эмне үчүн кызыктыңыз?
Мисалы, ректор чоң кызмат, бирок республиканын алкагында иш жасаш үчүн ыйгарым укуктары абдан чектелүү. Эгер сен мамлекеттик деңгээлде иш жасайм десең, анда бийликтин үч бутагынын бирине киришиң керек. Ал кезде парламенттин депутаттарынын адистиги, кесипкөйлүгү төмөн болчу. Мыйзам – саясаттын колу. Коомду, мамлекетти өзгөртөм десең, биринчи мыйзамды өзгөртүш керек. Депутаттарда мына ошондой курал бар, ал - мыйзам чыгаруу. Меним кандидаттык илимий ишимдин темасы совет заманындагы кыргыз парламентаризм жөнүндө болчу. Мына ушул факторлор, андан сырткары Чынара Жакыпованын сүрөөсү менен депутат болууга умтулгам. Ат салышууга катышкандардын дебаттарында, шайлоочулар менен жолугушууларда жакшы колдоо тапканым менен, баарыбызды тиркотаж фабрикасынын директору утуп чыкты. Ал жерде негизги ролду акча ойноп кеткен. Бийлик анда шайлоого кийлигише элек болчу.
Зайнидин мырза, 2000-жылы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасына “Менин өлкөм - Моя страна” партиясынын тизмеси менен депутат болгонсуз. Ошондо кайсы партиядан ким депутат болуш керек деген маселе Ак үйдөн чечилчү деп калышат, ушул чынбы? Сиздин партия бийлик менен кызматташканбы?
Биздин партиянын лидери Медет Садыркулов болчу. Ал Акаевдин президенттик администрациясынын жетекчиси эле да...
Дагы караңыз Садыркуловдун өлүмү: издөөдөгү шектүүнүн бошотулганы суроо жараттыАкаевдин бийлиги учурундагы “Менин өлкөм - Моя страна” либералдык партиясы Бакиев бийлигинин “Ак жол” партиясына кантип, эмне себептен кошулуп кетти?
“Менин өлкөм” башында либералдык партия катары парламентте өз алдынча фракция болгон. “Ак жол” элдик партиясы деп аталат, элдик деген либералдык деген эле маанини билдирет. Бул жагынан эки партияда окшоштук бар болчу. Бир айырмачылыгы, “Менин өлкөмдө” нукура либералдык аракеттер болсо, “Ак жолдо” жасалмалуулук көп эле. Ошондон улам эки партиянын депутаттарынын ортосунда кызуу талаш-тартыштар, карама-каршылыктар көп болуп турган. Ошондо президент Бакиевге жанын тургандар “Медет Садыркулов партиясын бөлүп алгысы келип жатат, бийликке келүү ниети бар экен” айта башташат, ага президент ынана баштайт. Бир күнү Медет бизди чакырып, ушул кептерди айтып калды, коалицияга кошулбайлыбы деп сунуш кылды. Биз партиянын саясий кеңешинде сүйлөшүп көргөндөн кийин “Ак жол” партиясы менен бир коалицияга биригүүгө макул болгонбуз.
(Маектин толук вариантын видеодон көрүңүз)