“Аюулар үйгө чейин келе баштады”. Ак-Шыйрактагы турмуш

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектен 500дөй чакырым алыста, Кытай менен Кыргызстандын чек арасына жакын жайгашкан Ак-Шыйрак айыл аймагы 1937-жылы түптөлгөн. Бул айыл аймагына Ак-Шыйрак, Ыштык, Кара-Сай айылдары жана бир нече кыштоо кирет.

Деңиз деңгээлинен 3200-3500 метр бийиктикте жашаган жергиликтүү тургундар мал кармап, кол өнөрчүлүк менен алектенип, айлана-чөйрө, жапайы жаныбарларды коргоп, тиричилик кылып келишет.