Анда Арановага айып коюуга негиз берген баракча башында башка бирөөнүн атына ачылганы айтылат. Буга чейин айыпталуучу аталган баракча фейк-аккаунт экенин айтканына карабастан, сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" жана "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренелери менен айыптуу деп таап, 3 жыл 6 айга кескен. Талдоочулар мындай аракеттердин максаты - коомчулукту сын-пикир айтуудан оолактатуу экенин белгилеп, муну аша чапкандык катары баалап жатышат.
Пикир үчүн камалган Аранованын иши
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
OCCRP - Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө менен алектенген борбор Кыргызстандагы медиа өнөктөшү Temirov LIVE редакциясы менен Фейсбуктагы пикир үчүн соттолуп кеткен Каныкей Аранованын иши боюнча иликтөө жарыялады.