Израил армиясынын аба чабуулдарынан Газада 60тай кишинин өмүрү кыйылды

Израил армиясынын Газанын борбордук бөлүгүнө жасаган аба соккусунун кесепети. 16-июль, 2024-жыл.

Израил армиясынын 16-июлдагы аба соккуларынан Газанын борбордук жана түштүк бөлүктөрүндө, анын ичинде "коопсуз аймактарда" алтымыштай палестиндин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди. Израил армиясы "коопсуз" деп атаган аймактарга адатта миңдеген качкындар топтолгон болот.

ЦАХАЛдын билдирүүсүнө караганда, алар туннелдердин түйүнү талкалангандан кийин карапайым тургундардын арасында жашырынып жүргөн ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун согушкерлерин жок кылуу аракеттерин көрүп жатышат.

16-июлда анклавдын түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарынын жанындагы базар жайгашкан, качкындардын чатырчалары тигилген көчөгө урулган соккудан 17 кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу калаадагы Насер ооруканасынын өкүлдөрү билдиришти.

Израилдин соңку күндөрдөгү мындай активдүүлүгү АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайрадан улантып жатышканы кабарланган учурда болду.

  • Газадагы азыркы согуш 2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагына кол салганда башталган. Ошол күнү 1200дөй киши өлтүрүлгөн, 250дөй кишини согушкерлер Газага барымтага алып кеткен.
  • Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматына караганда, ошондон бери Израилдин чабуулдарынан 38 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, дагы 88 миңдей киши жараат алды. Анклавдын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү улам бир аймакка барып, качкын болуп жашоодо. Эл аралык уюмдар Газа калкын ачарчылык да тооруп турганын айтууда. Согуштун айынан Израилдин дарегине палестин калкына карата геноцид тууралуу айыптоолор айтылууда, өзү антип айтууга эч негиз жок экенин белгилеп, ХАМАСты жок кымайынча өз коопсуздугуна коркунуч сакталып тура берерин билдирүүдө.