Сузактагы сестенткен окуя: "хизбутчулардын" тамыры кайда?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сузак районуна караштуу Бек-Абад айылында мамлекеттик желек өрттөлгөн, ордуна ак мата илинген окуя өлкөдөгү диний экстремизм-терроризмге каршы күрөш, "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюму, анын таасир-тамыры тууралуу талкууларга жем таштады.

Кылмышка шек саналып 19 жана 16 жаштагы кыздардын кармалышы аялдар арасындагы радикализм маселесин да козгоду. Кыргызстанда бул экстремисттик уюмга 2003-жылы соттун чечими менен тыюу салынган жана буга чейин дагы "хизбутчулардан" улам бир катар чуулгандуу, чырлуу окуялар катталган.