ЕВРО-2024: Испания чемпион болду

Испания тарыхта төртүнчү жолу континенталдык чемпиондукту жеңген биринчи команда болду. Бул чемпионаттын кожоюну болгон Германия курама командасы Еврону үч жолу уткан. 

Испаниялыктардын катарынан Нико Уильямс (47-мүнөт) жана Микел Оярсабал (86-мүнөт) гол киргизсе, англиялыктардан Коул Палмер (73-мүнөт) гол киргизди. 

Жалпысынан Испания Евро-2024 мелдешинде атаандаштарынын дарбазасына 15 гол киргизип, мелдештеги бардык атаандаштарын жеңди.

 

Бул чемпионатта Испания тайпалык этапта Хорватияны, Италияны, Албанияны, 1/8 финалда Грузияны, чейрек финалда Германияны, жарым финалда Мбаппе баштаган Францияны, финалда Англия курамасы утту. 

Команданын жана чемпионаттын каармандарынын бири "Барселонанын" 17 жаштагы чабуулчусу Ламин Ямал болду. Футболчу 17 жашка чыккан туулган күнүн турнирдин жүрүшүндө туулган күнүн белгиледи. Ал Испания курама командасынын жана Европа чемпионаттарынын тарыхында эң жаш гол киргизген оюнчу болуп калды.

Испания курамасынын күйөрмандары.

Испания курамасы жеңиштен кийин. 

Испаниялык чабулчу Нико Уильямс финалдык беттештеги алгачкы голду киргизди. 

Испания курамасы 12 жылдан кийин кайрадан чемпион болду. Курама 2012-жылы үчүнчү ирет чемпион болгон эле. 

Испаниянын футболчулары Фермин Лопез жана Марс Кукурелла кубокту көтөрүп чуркап баратышат. 
 

Англия ушуну менен экинчи жолу катары менен финалда жеңилип калды. 2020-жылы өткөн Европа чемпионатында Англия финалда Италияга пенальтилер сериясында утулуп калган эле.

Испаниянын футболчулары Дани Олмо, Марс Кукурелла жана Фермин Лопез жеңишин майрамдап жатышат. 

Испания курамасынын футболчусу Микел Оярсабал Англиянын дарбазасына жеңиш алып келген голду киргизип жаткан учуру. 

Англия курамасы тайпалык баскычта Сербияны утуп, Дания жана Словения менен тең ойноп, 1/8 финалда Словакияны, чейрек финалда Щвейцария, жарым финалда Недарландыны утуп, чечүүчү беттеште жеңилип калды. 

Футбол боюнча Европа чемпионаты 14-июнда башталган.

Бул чемпионатка 24 өлкөнүн курама командалары катышты.