11-июль: Колумбияда борборазиялык мигранттар түшкөн кайык чөктү, Кыргызстанда 25 жаштагы келиндин өлүмү иликтенүүдө

Иллюстрация

11-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
  • АКШ 2026-жылы узак аралыкка сокку ура алчу куралын Германияга жайгаштырат

Бул тууралуу маалымат Ак үйдүн сайтында жарыяланды. АКШ Европанын аймагына мындай системаларын 1980-жылдардан бери жайгаштыра элек болчу.

Маалыматка караганда, ал жакка SM-6 ракеталары, Tomahawk канаттуу ракеталары жана учурда иштелип чыгып жаткан үндүн ылдамдыгынан тез учкан ракеталар жеткирилет.

Германиянын коргоо министри Борис Писториус узакка сокк ура алчу куралдын анын өлкөсүнө жайгаштыруу боюнча макулдашуугу кубаттады.

Ал эми Орусия бул кадамга "аскердик жооп кайтарыларын" эскертти. Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Москванын жообу "катаал жана адекваттуу" болорун айтты.

  • Бишкекте милиция 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүн териштирүүдө

Маркумдун жакындары ал күйөөсүнүн ур-токмогунан набыт болгон деп шек санашууда. Жолдошунун айтымында, келин өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алган.

Алгач факты боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү тергөөгө чейинки териштирүү баштаган. Алгачкы экспертизада "Полидорго уулануу, өз жанын кыюу. Жүрөк-кан тамыр курч жетишсиздиги" деген корутунду берилген. Андан ары окуяны тактоо үчүн иш Октябрь райондук милициясына өткөрүлгөн.

Айтурган Маматкулова Оштун тургуну. Ал бир жыл мурда турмушка чыгып, күйөөсү менен Бишкекте жашап жүргөн.

Ички иштер министрлигинин маалыматында, беш айда үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5153 учур катталган. 4400дөн ашуун коргоо ордери берилген.

  • ЦАХАЛ Газанын тургундарын коопсуз жакка чыгууга чакырды

Израил аскерлери 10-июлда Газа шаарынын тургундарын анклавдын борбордук жана түштүк аймактарына чыгып турууга чакырышты.

Бул тууралуу абадан ыргытылган баракчалардан маалым болду.

Анда шаар "согуштук аракеттердин кооптуу аймагы" болуп жатканы белгиленет. Баракчаларда чыгып кетүүгө коопсуз делген эки жол көрсөтүлгөн.

Associated Press агенттиги кабарлагандай "жапырт чыгып кеткендер деле болгон жок", себеби палестиндердин көбү Газа тилкесинде коопсуз аймак жок деп санашат.

Бириккен Улуттар Уюму эвакуациянын кезектеги толкуну боюнча тынчсыздануусун билдирди.

  • VOA: Колумбияда борборазиялык мигранттар түшкөн кайык чөгүп кетти

Колумбиянын жээгинде, Кариб деңизинде 20дай мигрант түшкөн кайык чөгүп кетти. Арасында Казакстандын да жарандары болгонун "Америка добушу" радиосу жазды.

Маалыматка караганда, бир киши набыт болуп, төртөөнүн дайыны табылбай жатат. 15 адам куткарылды.

"Франс-пресс" агенттиги жазгандай, аман калгандардын арасында алты жашы жете элек бала бар. Алардын экөө казакстандык, үчөө венесуэлалыктар экени аныкталган. Дагы бир баланын жарандыгы белгисиз.

Ал эми аман калган чоңдордун арасында Колумбия, Эквадор, Иран, Никарагуа, Казакстан жана Венесуэланын жарандары бар экени маалым болду.

Кайык Никарагуанын чыгышында жайгашкан Сан-Андрес жана Провиденсия аралдарына жакын жерден кырсыкка учураган.

  • Гүлнара Каримова түрмө жетекчилигинин "баш оорусуна" айланды

Өзбекстандын мурдагы президенти маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова жазасын өтөп жаткан Ташкент облусундагы аялдар түрмөсүнүн администрациясынын "баш оорусуна айланды". Бул тууралуу "Озодлик" радиосуна жабык жайдын өкүлдөрүнүн бири анонимдүү түрдө айтып берген.

Буга чейин, 8-июлда блогер Кирилл Альтманга дал ушул түрмөдө отуруп чыккан аялдын берген маеги чыккан. Ал Гүлнара Каримова менен бирге отурганын жана мурдагы президенттин кызы бир жолу түрмөдө "көтөрүлүш" уюштурганын айткан. Ал качан жана эмне себептен болгонун тактаган эмес.

Блогердин суроолоруна жооп берип жатып, соттолуп чыккан аял түрмөдө Каримова үчүн эч кандай VIP-шарттар түзүлбөгөнүн, болгону ага азык-түлүк, тамак-аш чектелбеген түрдө киргизилип турарын кошумчалаган.

"Бирок ал эмне кааласа, ошону алып турат. Өзүн ал жактан аябай деле жаман сезген жок", - деген.

Ал эми "Озодликке" түрмөнүн аты-жөнүн ачык чыгаргысы келбеген өкүлүнүн айтымында, жетекчилик жогору жакка Гүлнара Каримованын жүрүм-турумуна жана провокацияларына байланыштуу кайрылууга аргасыз болгон.

"Бир жагынан, бизге аны этият карагыла, экинчи жагынан, ага өзгөчө мамиле кылбагыла деп тапшырма беришкен", - дейт аялдар түрмөсүнүн кызматкери.

"Озодликтин" башка булактары экс-президенттин кызы түрмөдө бир нече жолу нааразылык акцияларын уюштурганын ырасташты.

51 жаштагы Каримовага "Опузалап мүлктү менчиктеп алуу", "Ысырап кылуу", "Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо" беренелери менен 2020-жылы 13 жылга эркинен ажыратылган.

  • Токтогулда суунун көлөмү 11 млрд метр кубдан ашты

Токтогул суу сактагычында июлдун алгачкы жумасында 11 млрд 112 млн метр куб суу топтолду. Май айында 9,5 млрд метр куб суу бар болчу.

"Электр станциялары" ишканасы учурда суу сактагычка секундасына 1082 метр куб суу агып кирсе, чыгышы 451 метр кубду түзүүдө.

Марттын башында суунун көлөмү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөп, өкмөт электр энергиясын берүүгө чектөө киргизе баштаган.

Токтогул районунун аймагындагы Нарын дарыясына курулган суу сактагычка 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдө акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Ага Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар куят.

2007-2008-жылдары суу 7-8 млрд метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтоп каларын эскертишет.

  • Европа чемпионаты: Испания менен Англия финалда ойнойт

11-июлга караган түнү Футбол боюнча 2024-жылдагы Европа чемпионатынын жарым финалында Англия менен Нидерланддын курама командалары ойноду.

Беттеш Дортмунд шаарындагы “Сигнал идуна парк” стадионунда өтүп, Англия 2:1 эсебинде жеңишке жетип, Европа чемпионатынын экинчи финалисти болду. Оюндун 7-мүнөтүндө Нидерланддын жарым коргоочусу Хави Симонс гол киргизип эсепти ачты.

18-мүнөттө Англиянын чабуулчусу Харри Кейн 11 метрлик айып соккудан гол киргизип, эсепти теңеди. Беттештин акыркы мүнөтүндө (ред: 90-мүнөт) Англиянын дагы бир чабуулчусу Олли Уоткинс гол киргизип, Англияга жеңишти алып берди.

10-июлга караган түнү Испания Франциянын курама командасын 2:1 менен утуп, финалга чыккан.

14-июлда Испания менен Англия 2024-жылдагы Европа чемпионатынын финалында беттешет (15-июлга караган түнү).

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионаты 14-июнда башталган. Ага 24 өлкөнүн курама командалары катышууда.