Нидерланд чукул арада Украинага "Patriot" абадан коргонуу системасынын тетиктерин жеткире баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна Вашингтондо өтүп жаткан НАТОнун жыйынынын алкагында айтты.
"Ал эми F-16 тууралуу айтсак, мен так дата же маалымат жарыялай албайм. Биз билгендей, орусиялыктар жана Путин дагы бул F-16лар качан жеткирилерине кызыгып турат",- деди 10-июлда Рубен Бекельманс.
Ал заманбап бомбалоочу учактар "болушунча тезирээк" жөнөтүлөрүн кошумчалады.
Андан тышкары Бекельманс расмий Амстердам жана НАТО боюнча союздаш мамлекеттер украиналык учкучтарга F-16ны башкарганды үйрөтүү үчүн "Румынияда окуу борборун ачуу үстүндө жигердүү иштеп жатышканын" айтты.
10-июлда Норвегия буга чейин убада кылынган алты F-16 учагын Украинага "2024-жылы" жеткирерин жарыялады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бул билдирүүлөрдү "Орусиянын украин элин, шаар-конуштарын террорчулукка алуу дарамети кыскарары тууралуу так белги" деп ыраазычылыгын билдирди.
I am grateful to the United States, Denmark, and the Netherlands for taking practical steps to achieve the goal of all Ukrainians: to strengthen the Ukrainian air force with F-16s.I am grateful to Belgium and Norway for their commitment to providing us with their F-16 jets.…
— Volodymyr Zelenskyy / Володимир Зеленський (@ZelenskyyUa) July 10, 2024
Вашингтондо өтүп жаткан НАТОнун 75 жылдык мааракелик жыйынында Украинага бир жыл ичинде 40 миллиард евролук аскердик жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Түндүкатлантикалык альянска мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин 10-июлда таратылган биргелешкен билдирүүсүндө белгиленет.