ӨКМ: Баткендин сел каптаган Ак-Татыр айылынан 100дөй тургун эвакуацияланды

Баткен облусундагы селдин кесепеттери менен күрөшүү иштери.

Селден улам Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүк-Зар тилкесинин 100дөн ашуун тургуну коңшу айылга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 10-июлдун кечинде билдирди. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, жеринде 50дөн ашуун куткаруучу иш алып барууда.
Эвакуациялангандардын арасында 40 бала бар.

Буга чейин Лейлек районунун Катраң, Лейлек айыл аймактарында жааган жаандан Катраң-Өзгөрүш автожолуна сел суулары келип, каттам убактылуу токтогону кабарланган.

Ак-Терек айылындагы сел өткөрүүчү сайынан сел суулары түшүп, Раззаков-Баткен жолун суу каптаган. Машинелерге каттам ачык.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда быйыл жалпысынан 236 сел жүрүп, андан 17 адам көз жумган. Он чактысы балдар. Селдин чыгымы 170 миллион сомдон ашкан.