"Сулуулугу өзүнө душман болду". Тагдыры татаал Алмаш Чойбекова

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жашоодо адамдын тагдыры дайыма эле сыдыргыга салгандай тегиз болбойт экен. Акындын тагдыры андан бетер. Бүгүн биз ошондой тагдыры татаал, мүшкүлдүү өмүр кечирген таланттуу акындардын бири Алмаш Чойбекованы эскеребиз. Алмаш деген ысым менен таанылган Алматай Чойбекова 1947-жылы 8-августта төрөлгөн.

69 жашында карылар үйүндө каза болгон. Акынды адабият таануучу Абдыкерим Муратов менен акын Бурулкан Карагулова эскерди. Калемгерлерди акын, журналист Бурулкан Сарыгулова кепке тартты.