Жалал-Абад шаарынын Барпы көчөсүндө жар көчүп, 4 жана 2 жаштагы эки баланы басып, экөө тең чарчап калды.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 8-июлда күндүз болгон. Милицияга жергиликтүү тургундардын бири чалып, жар боюнда ойноп жаткан балдарды топурак жана таш көчүп, басып калганын билдирген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары келгенче балдарды жергиликтүү тургундар чыгарып алган, экөөнүн тең ооруканага жетпей өмүрү кыйылган.
Маалыматка караганда, чарчап калган балдар жарга жакын жайгашкан үй ээсинин уулу жана небереси болушкан. (ZKo)
Дагы караңыз
Орусиянын кандуу чабуулу: Абадан коргонуу системасы жетишсиз, Киев аза күтүүдөУкраина: Жапырт чабуулдун курмандыктары 40тан аштыКыргызстанда насыя эмнеге кымбат?Украина: Дүйнө Киевдеги кандуу чабуулду айыптады