Кинорежиссер Геннадий Базаровго эстелик орнотулду

Геннадий Базаровго орнотулган эстелик.

Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө бүгүн, 9-июлда белгилүү кинорежиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаровго эстелик орнотулду.

Маркумду эскерүүгө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, бир катар маданият ишмерлери, режиссердун санаалаштары, үй-бүлөсү жана жакындары катышты.

Чогулгандар Базаровдун кино дүйнөсүнө калтырган мурасын эскерип, анын экинчи өмүрү башталганын сөз кылышты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматында кино ишмерине орнотулган эстеликти скульптор Тамила Маматова жана дизайнер Эмил Тилеков жасаган.

2023-жылдын 6-февралында 81 жаш курагында акка моюн сунган Геннадий Базаров "Кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири катары белгилүү. Режиссёр 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган. 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүтүргөн. 1963-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасын тасамага айлантып, жалпы элге кеңири таанылган. Мындан сырткары "Каныбек" "Карагыз", "Аномалия", "Нонсенс" жана башка толук метраждуу көркөм тасмаларды тарткан.

Режиссёр 1994-жылдан тарта Коомдук телерадиоберүү корпорациясында “Альтернатива” автордук программасынын алкагында маданият ишмерлери тууралуу кеп кылып, жалпы эле Борбор Азия чөлкөмүндөгү кино жана маданият тармагында көйгөйлүү маселелерди көтөрүп келген.

Өткөн жылы Базаровдун 80 жылдык мааракеси кеңири белгиленип, өлкө аймактарында бир катар иш-чаралар өткөн. 2022-жылдын декабрында ага II даражадагы “Манас” ордени ыйгарылган. (MZh)