Кыргызстанда "Смарт Бажы" системасы ишке кирди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз бажысы эски системаны жок кылып, жаңы система менен иштөөгө белсенип жатканын билдирүүдө. Алар адам факторунан арылып, электрондук форматтагы “Смарт Бажы” маалыматтык системасын пилоттук негизде ишке киргизди. Мекеме муну менен айдоочулар эми 7-8 саатка кармалбайт деп ишендирип жатат.

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев буга чейин "Азаттыка" курган маегинде эски системадан арылуу оор болуп жатканын айткан.