Чуңкурчакта аркан менен аскадан секирген эркек каза тапты

Сүрөт Fly Jump спорт комплексинин Инстаграм баракчасынан алынды.

Аламүдүн районунун Чуңкурчак капчыгайында аркан менен секирүү учурунда жип үзүлүп кетип, 40 жаштардагы киши 25 метр бийиктиктен кулап, каза болгону кабарланды.

Маалыматты Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

Окуя 6-июлда саат 13:30 чамасында болгон.

"Татыр айылынын тушундагы Fly Jump спорт комплексинде аскадан секирүү учурунда жип үзүлүп кетип, 39 жаштагы Б.А. аттуу жаран каза болду. Бул факт Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп жазылган маалыматта.

Каргашалуу окуя тууралуу алгач социалдык тармактардын колдонуучулары жазган. Алдын ала маалыматта маркум Казакстандан келип, жанында балдары болгон. Чүй милициясы бул маалыматты ырастай элек. (ZKo)

Дагы караңыз

"Кооптуу топтун" колунан депутаттын документи табылды Иранда президенттик шайлоодо реформачыл талапкер Масуд Пезешкиан жеңди Украинанын 12 облусуна абадан чабуул жасалдыАтайын кызмат кармалган топ 31-августта теракт уюштурууну пландаганын билдирди