Иранда президенттик шайлоодо реформачыл талапкер Масуд Пезешкиан жеңди

Масуд Пезешкиян

Иранда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында ардагер-реформист Масуд Пезешкиан катаал режимдин жактоочусу, Улуттук коопсуздук боюнча улук кеңештин мурдагы катчысы Саид Жалилини жеңди.

Пезешкиян 53.7% же 16,384,403 добуш алганын Ирандын шайлоо мекемесинин басма сөз катчысы билдирди. Ал эми Жалили 44.3% же 13,538,179 добуш топтоду.

Ислам жумуриятында шайлоонун экинчи айлампасында добуш бергендер 49.8% жетти. Бул жолку көрсөткүч биринчи айлампага салыштырганда 40% жогору болду.

"Биз ар бириңерге достуктун колун сунабыз. Биз - баарыбыз ушул өлкөнүн жараныбыз. Биз ар бир жаранды өлкөнүн өнүгүүсү үчүн колдонуубуз керек", - деди Пезешкиан шайлоодо жеңишке жеткени жарыялангандан кийинки биринчи телекайрылуусунда.

Иранда шайлоо экономикалык кризис күч алып, жашоо деңгээли төмөндөп кеткен чакта өттү.

Пезешкиан 2008-жылдан бери парламент мүчөсү болуп, 2016-2020-жылдары спикердин орун басары кызматын ээлеп турган. Ал Иран бийлигинин милдеттүү түрдө хижаб кийүү боюнча чечимин сындап, Батыш менен сүйлөшүүлөрдү жактаган. Ошол эле маалда Хаменеинин саясатын жолдоорун убада кылган.

Серепчилер белгилегендей, бул жолку шайлоо Иран саясатындагы өзгөрүүлөргө деле алып келбейт. Болгону Ирандын 1989-жылдан берки Жогорку руханий лидери, 85 жаштагы Хаменеинин мураскери ким болот деген маселеге таасирин тийгизиши мүмкүн.

Дагы караңыз

"Жаңылануунун жаңы барагын ачабыз". Британияда өкмөт алмаштыМугалимдикке тоскоол болгон оорулар. Талаштуу токтом талкуудан алынды"Такси айдап жүрүп дайынсыз кетти". Москвада жоголгон Исланбек"Тергөөчүлөр тымызын маалымат берип турган". Журналисттердин соттогу көрсөтмөсү