Ысык-Көлдө сел жүрүп, пансионаттагы эс алуучулар эвакуацияланды

Пансионаттагы эс алуучуларды эвакуациялоо учуру. Ысык-Көл. 5-июль, 2024-жыл. ӨКМдин сүрөтү

5-июлда саат 20:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ысык-Көл районунун Корумду айылындагы "Нептун" пансионатынын жанында жайгашкан каналдагы көпүрөдөн суу ашып, пансионатты жана Корумду айылындагы бир катар үйлөрдү каптады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдагандай, ал жерге 15 куткаруучу барып, суу сордуруучу жана башка атайын техника жеткирилген. Жергиликтүү тургундардын көмөгү менен пансионатта эс алып жаткан 145 адам эвакуацияланды.

Пансионаттагы эс алуучуларды эвакуациялоо учуру

Каналдын жээктери бекемделип, нугу сел калдыктарынан тазаланды. Корумду айылындагы үч үйдүн жана дүкөндүн жер төлөсүнөн суу сордурулду. Эс алуучулар түндө кайрадан пансионатка жайгаштырылды.

ӨКМ 5-12-июль күндөрү Кыргызстандын айрым аймактарында нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүү коркунучу бардыгын, дарыялардын деңгээли көтөрүлөрүн кабарлаган.

20-апрелден 1-июлга чейин Кыргызстанда жалпысынан 236 жолу сел жүрүп, анда 17 адам көз жумган. Он чактысы жашы жете элек балдар. Селдин чыгымы 170 миллион сомдон ашканын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев өкмөттүн жыйынында билдирди. (ZKo)

Дагы караңыз

Си Цзинпин Кытай Тажикстандын "аймактык бүтүндүгүн" колдой турганын билдирдиПрезидент Садыр Жапаров Тоолуу Карабакка барды "Жаңылануунун жаңы барагын ачабыз". Британияда өкмөт алмаштыЧуулгандуу иштерди караган эки судья кармалды