Алайда 6 жашар бала сууга агып чарчап калды

Иллюстрациялык сүрөт.

Алай районундагы Мурдаш суусуна агып кеткен 6 жашар Н. А. аттуу баланын сөөгү 5-июлда табылды. Аны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары таап, жакындарына өткөрүп беришти.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 4-июль күнү саат 21:00 чамасында Мурдаш суусуна "Lada 222140" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай түшүп кеткен. Унаада айдоочу баласы менен болгон. Жергиликтүү эл айдоочуну куткарып калышкан, бала табылбай калган.


Баланы издөөгө 5-июль күнү ӨКМден 16 куткаруучу, ИИМден 42 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 137 адам - жалпы 195 адам чыккан.

Июлдун башында Ысык-Көлдө сууга сүзүп жатып, 11 жаштагы кыз чөгүп кеткени соцтармактарга жарыяланды.

Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылы Кыргызстанда 95 адам сууга агып же чөгүп каза болгон, анын ичинен 36сы балдар.

Майдын соңунда алты жана жети жаштагы эки кыз Түп районунун Михайловка айылында Жыргалаң суусуна түшүп кеткен. Алардын сөөгү дээрлик он күндөн кийин табылган. (ZKo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров ТМУнун саммитине катышуу үчүн Азербайжанга жөнөп кеттиБишкекте жаңы “Ош базарды” камтыган көп функционалдуу шаарчанын курулушу башталдыСот Адахан Мадумаровдун мандаты боюнча арызын четке какты"Электр станциялары" ишканасына жаңы жетекчи дайындалдыДене тарбия жана спорт академиясынын ректору кармалды