"Сын-пикиринен улам иштен айдалган"
Жоомарт Карабаев 2-июлда атайын кызматка сурак бергенден кийин кармалды.
Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 19-августка чейин камакка алганын укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
Адвокаты Кантемир Турдалиев ага тагылып жаткан айыптар тууралуу мындай маалымат берди.
“Кылмыш жаза кодексинин 278-беренеси 3-бөлүгү, “Массалык башаламандыктарга чакыруу” деген күнөөнү коюп жатышат. Кичине бийликке сын айтса эле массалык башаламандыкка чакырык болуп калат экен. Баарына эле ошону коюп жатат. Булардын сөздөрүндө “массалык башаламандыкка чакырган сөздөр камтылган” деп бере беришет экен”.
Жоомарт Карабаев дал ушул сыяктуу беренелер боюнча Илимдер академиясы саясий кылмыш иштеринде тергөөчүлөрдүн көрсөтмөсү менен ар кандай экспертиза чыгарарын сындап жүргөн. Ал мыйзамсыз кызматтан кеткенин айтып, соттошуп жүргөн болчу.
Жоомарт Карабаевге “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун укуктук жардам көрсөтүп жатат. Уюмдун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова кылмыш ишин "куугунтук" деп атады.
“Бул баланын чырылдаганына бир жылдай болуп калды. "Экспертизалар көрсөтмө менен жазылып жатат. Эч кандай методика жок, эч кандай илимий ыкма жок" деп кайра-кайра жазып жаткан. Ошонун айынан иштен айдалып, система менен соттошуп жаткан. Бул баланын сөзүн угуп көрөлүчү, канчасы жалган, канчасы чын деген эч ким болгон жок. Тескерисинче, муну алып барып камап салышты. Бул саясий куугунтук. Муну басым кылган, кызматтан кетиргендин баары чоң кызматтагылар", - деди укук коргоочу.
"Жөнү жок сындап жүргөн"
Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун бөлүм башчысы Айнуру Алтыбаева академия жөнүндө айткан дооматтарды четке кагып, Карабаев башка себептер менен кызматтан кеткенин билдирди. Алтыбаева азыркы кылмыш ишине академиянын тиешеси жок деди:
“Жөнү жок сындап жүргөн. Укук коргоо органдарынан экспертиза келет. Ошол бөлүмдө иштеп жатып, жоболорду, ички эрежелерди бузгандыгы үчүн комиссия түзүлгөн. Ал жигит эки күн ишке келбей, кызматтан кеткен. Андан кийин чычалап, дайыны жок нерселерди жазып жүргөн. Биз көңүл бурган эмеспиз”.
27-жаштагы Жоомарт Карабаев Фейсбукта бийликтин айрым кадамдарын сындаган постторду жазып келет.
Кыргызстанда соңку жылдары камалган саясатчы, активист же блогерлердин сөздөрүн талдаган лингвистикалык жана саясат таануу экспертизалар кылмыш ишинде негизги далил болуп, соттолгон учурлар көбөйдү.
Мындан улам укук коргоочулар саясий соттордогу “эксперттик корутундуларды” билимсиз, тергөөчүнүн көрсөтмөсү менен иштеген адистер чыгарууда деп сындап келишет. Соттук экспертизаларды Улуттук илимдер академиясынын, Республикалык психикалык-неврологиялык борбордун жана башка расмий мекемелердин адистери жүргүзөт.
Соттук экспертизаларды жүргүзгөн атайын мамлекеттик кызмат бар. Өзүнүн карамагында тийиштүү адистер жок болгон учурда ал лингвистикалык, саясат таануу, психикалык жана психологиялык экспертизаларды жүргүзүү үчүн Улуттук илимдер академиясынын, Республикалык психикалык-неврологиялык борбордун жана башка расмий мекемелердин адистерин тартат.
Дагы караңыз
Эркин ойду каалагандай талдаган соттук экспертизаларУкук коргоочу Азиза Абдирасулова Кыргызстанда лингвистикалык, теологиялык, криминалдык, баллистикалык деген өңдүү бүт экспертизалардын сапаты төмөн болуп жатканына көңүл бурат. Ал Илимдер академиясы менен Юстиция министрлигин мындай көрүнүштөргө кылдат көңүл бурууга чакырат.
“Сапаттын начардыгынан, биринчиден, көп кылмыштардын бети ачылбай калат, кылмыш иштери айлап-жылдап тергөөдө туруп калат жана соттук териштирүүдө дагы көп суроолор пайда боло берет. Мына, башканы айтпайын, Кемпир-Абад маселесинде дагы көп маселелер лингвистикалык экспертизага байланыштуу болуп жатат. Адвокаттар, тергөөчүлөр, соттор, прокурорлор талап кылышы керек. Кандай методология колдонулат? Мисалы, лингвистикалык экспертизада мен көп эле корутундулар менен таанышып жатам. Өздөрүнүн ички туюму, түшүнүгү менен эле жыйынтык чыгарып коюшат. Кайсы экспертиза болбосун, өзүнүн методологиясы бар. Кимдин ыкмасы колдонулду, шилтемелери болот. Ар бир сөздүн маанисин чечмелейт. Бизде жетишерлик жогорку деңгээлде, адамда ишенич жараткан лингвистикалык экспертиза жок. Ошондой эле көрүнүш башка экспертизанын түрлөрүндө да бар. Мени укук коргоочу катары айрыкча тынчсыздандырганы – теологиялык экспертиза аябай көп суроо жаратат. Себеби, ар дайым карапайым адамдар бирден-бирден камалып, алардын экспертизаларынын жыйынтыгы окшош шаблон менен эле чыга берет”.
Абдирасулованын айтымында, буга чейин теологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен эле бир жылда 2000-3000ге чейин адамдар камалып турган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жалган же бурмаланган экспертиза жасаган эксперттин жоопкерчилиги каралган. Кодекстин 364-беренеси “аткаруу өндүрүшүндө эксперттин билип туруп чыгарган жалган корутундулары же адистин көрсөтмөлөрү, ошого тете билип туруп туура эмес которуу” жазаланары жазылган.