Акын Аскат Жетиген үч жылга кесилди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда автоунааны сел агызып, бир үй-бүлөдөн төрт адам мерт болду. Алардын экөө балдар. 28-июнда Ноокат районунда да катуу сел жүрүп, он кишинин өмүрүн алган. Алар да бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болчу.

Бишкектин Свердлов райондук соту акын жана активист Аскат Жетигенди “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап, үч жылга абакка кести. Акын коюлган кинелерди четке какты. Францияда парламенттик шайлоонун биринчи турунун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, ашынган оңчулдардын “Улуттук биримдик” партиясы алдыга чыкты. Буга нааразы болгондор акция өткөрүштү.