Франция: Ашынган оңчул Барделланын партиясы алдыда

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Францияда жүздөгөн адамдар 1-июлга караган түнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылыгын билдирип көчөгө чыкты. Добуш берүүнүн биринчи айлампасынын алдын ала жыйынтыгына караганда, ашынган оңчулдардын “Улуттук биримдик” партиясы алдыга чыкты.

Анын лидерлеринин бири 28 жаштагы Жордан Бардела өкмөт башчы болууга даярдыгын жарыялап жиберди.