Селден улам Папан-Лаглан убактылуу жабылды

Ош облусу. Ноокат району. Абшыр-Атадагы сел. 29-июнь, 2024-жыл

Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында 30-июнда саат 19:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Папан – Лаглан ички чарбалык автоунаа жолунун Сары-Талаа тилкеси убактылуу жабылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, азыр жеринде райондук жарандык коргонуу кызматтары иштеп жатат. Сел тууралуу кошумча маалымат берилет.