Ноокатта селден каза болгон дагы бир баланын сөөгү табылды

Абшыр-Ата эс алуу жайынан адамдарды куткаруу иштери. 29-июнь, 2024-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Ош облусунун Ноокат районунда селден каза болгондордун саны тогуз кишиге жеткенин кабарлады.

“Абшыр-Ата айылында издөө иштеринин негизинде жаш баланын сөөгү табылып, ИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда аты-жөнү, туулган жылы такталууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтин 29-июнда тараткан маалыматына ылайык, каза болгондордун көбү балдар.

Расмий маалыматта каза тапкандар 19, 16, 12, 11 (эки өспүрүм), 8 жашта болгону көрсөтүлгөн. Маркумдардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Арасында бул үй-бүлөнүн Казакстанга турмушка чыккан өкүлүнүн балдары да болгон.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) буга чейин каза болгондордун экөө казакстандыктар экенин, дагы бир жараны изделип жатканын кабарлаган.

ӨКМ учурда сел жүргөн аймактарда жалпы 337 адам издөөгө тартылганын кабарлады. Учурда селдин кесепеттерин жоюу жана үйлөрдү тазалоо иштерин уланып жатат.

Жума күнү кечке маал болгон табият кырсыгынын кесепетинен Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогорку тарабында калып кеткен 1300дөй киши коопсуз жерге чыгарылды. Райондо өзгөчө кырдаал жарыяланган. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-июндан 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын, сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип жатат. (TSh)

Дагы караңыз

Абы ырайы: сел коркунучу сакталууда