ӨКМ: Ноокатта сел жети адамды агызып кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Ноокат районунда селден 28-июнда беш кишинин өмүрү кыйылганы тастыкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы тараткан соңку маалыматта мындан тышкары дагы эки киши дайынсыз болуп жатканы айтылды:

"Бүгүн 28-июнь күнү болжол менен саат 16:10 чамасында Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында нөшөр жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сел өтүүчү сайына сел суусу түшкөн. Натыйжада бир ички чарбалык көпүрөнү, №37 ЖТИге караштуу бир көпүрөнү, 10 электр мамычаны агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген. Жети адамды сел агызып кетип, алардын бешөөнүн сөөгү табылды, эки адамды издөө иштери уланууда".

Издеп-куткаруу иштерин координациялоо үчүн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов баштаган 30 куткаруучу тартылды. Кошумча 85 куткаруучу Ноокат районуна Оштон чыкты.

28-июнда Ноокат районунда сел жүргөнү, катуу сел Ош-Ноокат жолундагы көпүрөлөрдүн бирин алып кеткени тууралуу маалымат, видеолор социалдык түйүндөргө жарыяланууда.

24-июнда Баткен облусундагы Кадамжай районунун Жеңиш айылында беш жашар бала селге агып каза тапкан. Өткөн аптада Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы өспүрүм селге агып көз жумган. (DSh)