Иранда президенттик шайлоо өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Иранда бүгүн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Авиакырсыкта каза болгон өлкө башчысы Эбрахим Раисинин ордуна президенттик кызматка алты талапкер катталган, кийин алардын экөө ат салышуудан баш тарткан. Консерватордук көз караштагы үч жана реформачыл багытты карманган жалгыз талапкердин таймашы катары мүнөздөлүп жаткан бул шайлоо Иранда жарандардын эркиндиги чектелген, жашоо деңгээли төмөндөгөн, экономикада туруксуздук өкүм сүргөн шартта өтүүдө.