Уран, туу, темир жол жана "чет элдик өкүл". Жогорку Кеңеш үчүнчү сессиясын аяктады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы үчүнчү сессиясын жыйынтыктады. Парламент бул сессияда уран казууга уруксат берүү, “чет өлкөлүк өкүл”, Мамлекеттик тууну өзгөртүү сыяктуу бир катар талаш жараткан мыйзамдарды кабыл алды. Бир катар депутаттар мандатынан ажырады.

Мандатынан кол жуугандар көп болду

Жогорку Кеңеште соңку он ай ичинде ондон ашык депутатттын катары менен мандаттан ажырашы парламенттеги негизги окуялардын бири болду окшойт. Бийликти кескин сындаган депутат Адахан Мадумаров былтыр сентябрда камалып, быйыл март айында эркиндикке чыкты. Саясатчы коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерилген жок. Ага улай мандаты алынды.

Мындан тышкары бул сессияда камактагы мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго жакын делген бир нече депутат мандатынан кол жууду.

Айрым депутаттардын мандатын тапшыруусун себеби белгисиз бойдон эле калды. Апрелде атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңешти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” жүрүп жатканын билдирип, бирок алар ким экенин ачык айткан эмес.

Дагы караңыз

Мадумаров камактан чыкты, мандаты алынды

Талкуусуз кабыл алуу адатка айланды

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиев буларга токтолду.

Исхак Масалиев.

“Коррупционерлерден тазаланды деп айтылды. Бирок, бир дагы депутаттын мойнуна күнөө коюлган эмес. Кандайдыр бир жолдор аркылуу алар менен сүйлөшүп, өз ыктыяры менен кетишти деп коебуз. Бирок, биз түшүнүп жатабыз, аларды кысым кылып, материалдык кызыкчылыгы менен кызмат орду дал келбей калгандыр”.

Депутат Масалиев ушул эле күнү Улуттук банктын жаңы жетекчиси Мелис Тургунбаевдин маалыматын угуп жатканда парламентте мыйзам долбоорлорун, токтомдорду талкуулабай эле кабыл алуу адатка айланып баратканын сынга алган.

“Конституция жана мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин 2-3 эле функциясы бар. Анын ичинде Улуттук банктын төрагасынын маалыматын, отчётун угуу. Мурда Жогорку соттун да төрагасынын да отчёту угулчу эле кийин алып таштады. Ошентип парламенттин укуктары азайып баратат. Кимде суроосу жок болсо суроо берүүгө жазылбай эле койсо болот. Бирок калган депутаттардын оозун жапканды токтотпосо болбой калды. Беш киши суроо берем десе 25 адам оозун жаап коёбу?”, - деди ал.

Депутаттар арасында парламент көз карандысыз бийлик бутагы катары өзүнүн милдетин аткара алган жок деген да пикирлер бар. Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңеш мурдагы чакырылыштарга салыштырмалуу бир катар ыйгарым укуктарынан ажыратылганын белгиледи.

“2021-жылы биз толук президенттик башкарууга өтүп жатканда түшүнүктөр башкача болсо керек. Эми анын кесепеттерин түшүнүп, туура кабыл алышыбыз керек. Система өзгөрдү. Мурда биз көз каранды эмес, өзүнчө орган болчубуз”, - деди Сурабалдиева.

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеш: Бийликтин тең салмактуулугу жана элдин үнү


Дагы бир депутат Акбөкөн Таштанбеков парламент мыйзам чыгаруу функциясын аткарып, бийлик менен эриш-аркак иштеп жатканын белгиледи.

“Депутаттар унчукпай эле кабыл ала берет экен деп жатышат. Жок, андай эмес. Талкуулар комитет, фракцияда болот. Өкмөт дагы “макул-макул” деп бир топ сунуштарды кабыл алып жатпайбы. Баарына эле каршы чыга бериш керекпи?”.

Мамлекеттик тууну өзгөрткөн, бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк өкүл” макамын ыйгарган, уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзамдар парламенттин эркин сынаган окуялар болду көрүнөт. Талаш-тартыштарга карабастан бул документтер кабыл алынды.

Дагы караңыз

Уран, торийди иштетүү аракети: Мыйзам долбоору парламентке түштү

Төраганын жообу

Эл өкүлү Элдар Абакиров бийлик сунуштаган мыйзам долбоорлордун дээрлик көпчүлүгү кабыл алынганына көңүл бурду.

Элдар Абакиров

“Албетте мурунку парламенттей эмес. Ал кезде мен өкмөттө иштегем. Азыр бийлик тараптын депутаттары 60-70% болгондуктан 90% өкмөт тараптан келген мыйзамдар өтүп жатат. Бул дагы бүгүнкү күндөгү көрүнүш”.

Спикер Нурланбек Шакиев VII чакырылыштагы парламенттин үчүнчү сессиясынын жыйынтыктоочу отурумунда cүйлөп жатып, депутаттар саясий оюндардан алыс болуп мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат деп билдирди.

Нурланбек Шакиев.

“Азыр бардык бийлик бутагы “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, бирдиктүү саясат жүргүзүп жатабыз. Өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган демилгелерди дароо колдоого алып, керектүү иштерди ыкчам жана тез жүргүзүү ыкмасына өттүк. Саясий оюндардан алыс болуп, жеке амбицияларыбызды артка калтырып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатабыз. Натыйжада бийлик бутактарында туруктуулук орноп, ири реформалар ишке аша баштады”, - деди ал.

Шакиевдин маалыматына ылайык, бул сессияда Жогорку Кеңеште 73 пленардык жыйын өтүп, 200дөн ашык мыйзам долбоору кабыл алынды. Алардын ичинде Административдик-аймактык реформа тууралуу документ жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууга байланыштуу мыйзам долбоорлору да бар.

Жогорку Кеңештин ар бир сессиясы сентябрь айында башталып, июнь менен жыйынтыкталат. Депутаттар бир ай шайлоочулар менен жолугуп, бир ай эс алат. Айрым учурда парламент сессиясы ишин жыйынтыктар алдында президент келип сөз сүйлөчү. Бул ирет андай болгон жок.

Өлкөдө оппозициянын, журналисттердин камалышы, сөз эркиндигине байланыштуу маселелерде парламенттин бийликтин көз карандысыз бутагы катары позициясын бекем көрсөтө албагандыгы дагы коомчулуктуктун сынына кабылды.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган. Мыйзам чыгаруу бийлигинде сегиз комитет, алты фракция, эки депутаттык топ бар.