Министр дарыгерлердин айлык акысы көтөрүлө турганын айтты

Алымкадыр Бейшеналиев

1-июлдан тарта аймактарда адис дарыгерлердин айлык акысына 20 миң сомдон кошулат. Ал эми депозит программасы менен жаш дарыгерлердин айлык акысы 35-37 миң сомго чейин көбөйтүлөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Дарыгерлердин эмгек акысын көбөйтүүдө аймактарда, элет жеринде иштеген кызматкерлерге керек болсо 30% көбүрөөк төлөп берүү зарылчылыгын Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев да сунуштады. Спикер элет жериндеги доктурлардын айлык акысын көбүрөөк төлөө менен, аймактардагы дарыгерлердин жетишсиздигин жоюуга мүмкүн экенин айтты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2021-жылы жазында үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык акысы 50 пайызга көтөрүлгөн. Көп өтпөй, ошол эле жылы июнда бардык дарыгерлердин маянасы 100 пайызга көбөйгөн. Учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык акысы 25-35 миң сом. Окууну жаңы бүткөн доктурлар 12-15 миң сом алышат.(ZKo)

Дагы караңыз

АКШ Киевде каза болгон дипломаты боюнча маалымат бердиПрезидент Кыргызстанда уран казууга уруксат берген мыйзамга кол койду "Системага жат киши". Улуттук банкты Мелис Тургунбаев жетектейтОрусияда мигрант эне абакка, наристеси балдар үйүнө түштүТоктогул суу сактагычында 10,8 млрд метр куб суу топтолду