Иранда рэперди өлүм жазасына тарткан өкүм жокко чыкты

Томажу Салехи.

Ирандын Жогору соту рэпер Томажу Салехини өлүм жазасына буйруган өкүмдү артка кайтарды. Сот териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн токтом чыгарганын "Фарда" радиосу билдирди.

24-апрелде Ирандын соту Салехини 2022-жылы Махса Амининин өлүмүнөн кийин тутанган нааразылык акцияларын колдогону үчүн өлүм жазасына тарткан. Студент кыз хижабды туура эмес кийгени үчүн адеп-ахлак полициясы тарабынан кармалып, абакта каза тапкан.

Салехини 2022-жылы октябрда камакка алышкан. 2023-жылы Ирандын Жогору соту аны алты жыл, үч айга түрмөгө кескен. Кийинчерээк Исфахан шаарынын соту Жогорку соттун чечимин кайрап карап, рэперди өлүм жазасына тартууга өкүм чыгарган.

Артисттин жактоочусу соттун чечимин сындап, ага каршы даттанарын билдирген.

  • Махса Амининин өлүмүнөн кийин тутанган жапырт нааразылык акциялары бир нече айга созулуп, Ирандын акыркы он жылдыктагы консерватор жетекчилигине олуттуу чакырык болгон. Жүздөгөн адамдар кагылышууларда каза таап, миңдегени камакка алынып, бир нечеси жазага тартылган.
  • Салехи Ирандагы коррупцияны, кедейчиликти, нааразылык акцияларына чыккандарды өлүм жазасына буюрган жана өлтүргөн режимди сындаган тексттери менен белгилүү.

Дагы караңыз

"Кыргыз өңү Сүймөнкулдун өңүндөй". Чокморовдун жаңы айкели"Үйдүн ичи ылайга толду". Ноокендеги селдин кесепетиТалантаалы Бакчиев "Манас" академиясынын жетекчилигинен кетти