21-июнь: Алга Кылычев 10 жылга кесилди, Меккеде көз жумгандар миңден ашты

Алга Кылычев

21-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Сот Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, камакка алынды

Чүйдүн Аламүдүн райондук соту КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шек саналып жаткан Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, сот залынан камакка алды. Алга Кылычев "Азаттыкка" комментарий берип, беш жыл мурун болгон окуя боюнча кесилип жатканын "саясий куугунтук" деп эсептей турганын айтты.

Чүйдө алты баланын өмүрүн алган кырсык боюнча айдоочу кармалды

Чүй облусунун милициясы басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кырсык 20-июнда Алтын айылынын түндүк тарабында жайгашкан №3 көлмөдө болгон. “Фольксваген Джетта” үлгүсүндөгү автоунаа көлмөгө түшүп кетип, алты бала каза тапкан.

Сауд Арабиясында ажылык маалында каза болгондордун саны миңден ашты

"Франс-пресс" агенттиги дипломатиялык булактарына таянып жазгандай көз жумгандардын арасында Египеттин 658, Индиянын 68, Иорданиянын 60, Пакистандын 35, Тунистин 35 жараны бар. ТАСС агенттиги Орусиянын башкы консулдугуна шилтеме жасап, беш орусиялык зыяратчы каза тапканын кабарлады.

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев шаарда жол тыгынды азайтуу аракеттери тууралуу айтты

Жогорку Кеңештеги факциялардын кошмо жыйынында борбордо 416 миң 837 автоунаа катталганын, мындан сырткары кирди-чыкты машинелерди эске алганда Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт кирип жатканын мэр белгиледи. Ал ошол эле маалда калаанын жол өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миң автоунаага эсептелгенин билдирди. Жол тыгынын азайтуу чараларынын катарында маршруттук кичиавтобустарды чоң автобуска алмаштыруу, алардын каттамдарынын аралыктарын азайтуу, таштандыларды түнкүсүн чыгаруу сыяктуу чаралары аталды. 21 жол кесилишине "акылдуу светофорлор" орнотулганы, жол тилкелери салынып жатканы да айтылды.

Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши каралды

Бишкектин Ленин райондук сотунда Temirov Live менен “Айт, айт десе” долбоорунун мурдагы жана азыркы 11 журналистинин иши боюнча соттук отурум уланды. 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. Алардын төртөө дале тергөө абагында, калгандары түрдүү себептер менен үй камагына чыгарылган.

Жапония борбор азиялык компанияларга Орусия менен байланышканы үчүн санкция салды

Жапониянын Тышкы иштер министрлиги 50дөн ашуун компанияга Орусия менен байланышы үчүн санкция салганын билдирди. Арасында Кытайдын, Казакстандын, Өзбекстандын, Индиянын жана Бириккен Араб Эмираттарынын ишканалары бар. Андан тышкары Орусиянын 11 жараны жана бир катар компаниялары да "кара тизмеге" илинди. Алардын арасында "Уралвагонзаводдун" башчысы, "Тактическое ракетное вооружение" корпорациясынын президенти, Украинанын Запорожье облусунун оккупацияланган бөлүгүнүн министри да бар.

Армения Палестинаны мамлекет катары расмий тааныды

Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыялангандай расмий Ереван жөөттөр менен палестиндер ортосунда узак мөөнөттүү тынчтык орношуна кызыкдар экени белгиленет. Ереван Газадагы жаңжалдын "эки мамлекет" принцибинин негизинде чечилишин колдой турганы жазылган. Армения Палестинаны мамлекет катары тааныган БУУга мүчө 148-мамлекет болуп калды.

Ош шаарында жашыруун жабдылган уюлдук терминал аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы иш-чаралардын жүрүшүндө Ошто жашыруун жабдылган терминалды аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 24 жаштагы У.А. аттуу жарандын үйүндө 19 SIM-бокс, 8 персоналдык компьютер, 2 ноутбук, мобилдик операторлордун 2000ден ашык SIM-карталары табылды. Алар интернет алдамчылыгына, социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды жана басылмаларды жайылтууга, криптовалюталарды уурдоого колдонулган.

Өндүрүш Токтонасыровго салынган 100 миң сом айып пулга элден акча чогулду

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровго сот чечими менен салынган 100 миң сом айып пул элден чогулду. Бул тууралуу "Кылым шамы" уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" билдирди. Акча чогултуу демилгесин "Кылым шамы" уюму көтөргөн. 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Ильязбек Тажыбаев укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салган.

Украинада орус армиясынын аба чабуулунан алты киши каза тапты

Москва ошол эле маалда Киев оккупацияланган Крымга жана Орусиянын ичиндеги бир нече аймакка жапырт аба сокку урду деп Киевди күнөөлөдү. Донецк облусунун Украина көзөмөлдөгөн бөлүгүн орус армиясы соңку бир суткада 22 жолу аткылап, беш жайкын тургундун өмүрү кыйылганын, ондон ашууну жараат алганын жергиликтүү бийлик билдирди.

“Социал-демократтар” фракциясы троллейбус линиясын алууга байланыштуу прокуратурага кайрылды

Бишкек шаардык кеңештеги “Социал-демократтар” фракциясы калаадагы троллейбус линиясын демонтаж болуп жатканын “мыйзамсыз аракет” деп баалап, прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу фракциянын лидери, депутат Кадырбек Атамбаев Фейсбуктагы баракчасында жазды. Бишкек шаардык мэриясы калаадагы троллейбустарды электробустарга алмаштырып жатканы май айынын башында белгилүү болгон. Июндун башында калаадагы жолдорду оңдоонун шары менен бир катар жолдордо троллейбус зымдары алына баштаган.

Тажик президенти "улут маданиятына жат кийимге тыюу салган" мыйзамына кол койду

Президент Эмомали Рахмон "улуттук маданиятка жат кийимди сатууга, өлкөгө алып кирүүгө жана коомдук жайларда кийип жүрүүгө тыюу салууну караган" мыйзамга кол койду. Мыйзамда ал кандай кийим экени так жазылган эмес. Анткен менен эксперттер кеп биринчи кезекте мусулмандардын жабык кийимдери тууралуу сөз болуп жатканын айтышууда. Эрежени бузгандарга 7920 сомони (733 доллар) айып пул салынат.

УКМК Жалал-Абадда мамлекетке кайтарылган жерге 10 турак жай салынып жатканын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча комитети билдиргендей, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак айылынын аймагындагы 2024-жылдын башынан бери 22 гектар аянттагы жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Анын жалпы наркы 4 млрд 170 млн 432 миң 633 сом деп бааланган. Атайын кызмат билдиргендей, учурда бул жер тилкелерде Мамлекеттик ипотекалык компаниясы жарандарды арзан турак жай менен камсыздоо программасынын алкагында 10 турак жай комплексин куруп жатат.