“Өлүмгө чейин жеткириши мүмкүн”. Антибиотикти ким көзөмөлдөйт?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Антибиотикти өзүм билемдик менен колдонуу - ден соолукка олуттуу зыян келтирет. Адистер дары-дармекти дарыгерлердин гана көрсөтмөсү менен пайдаланууга чакырат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында былтыр январда эле 9 киши анафилактикалык шоктон жабыркап, бирөө каза тапкан. “Эже-сиңдилер” берүүсүндө антибиотиктерди көзөмөлсүз пайдалануунун кесепеттерин талкуулайбыз.