Таластагы стадионду оңдоодогу мыйзамсыз иштер үчүн эки кызматкер кармалды

Талас шаарындагы Эшим Кутманалиев атындагы стадион. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас шаарындагы Эшим Кутманалиев атындагы спорт стадионун реконструкциялоонун баасын негизсиз жогорулаткан деген шек менен "Талас жашыл чарбасы" муниципалдык ишканасынын жетекчиси жана подрядчы уюмдун өкүлү кармалганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы 19-июнда кабарлагандай, иликтөөнүн жүрүшүндө курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга тиешелүү лицензиясы, бул жааттагы иш тажрыйбасы жок экенине карабастан муниципалдык ишкананын жооптуу кызматкерлери тендер өткөрбөй туруп подрядчы уюм менен 25 млн сом суммасында түз келишим түзгөнү, мунун айынан мамлекетке 4 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталган.

Бул фактыга байланыштуу "Талас жашыл чарбасы" муниципалдык ишканасынын жетекчиси жана подрядчы уюмдун өкүлү кармалып, облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка күнөөлүү адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүрүүдө.

Талас шаардык мэриясы бул боюнча азырынча комментарий бере элек. (MKt)