Меккеде аптаптын айынан 500дөн ашуун зыяратчы каза тапты

Сауд Арабиясындагы зыяратчылар

"Франс Пресс" агенттиги кабарлагандай, Сауд Арабиясындагы ажылык маалында катуу аптаптан кеминде 550 зыяратчы каза болду.

Агенттик көз жумгандардын кеминде 323ү Египеттин жарандары экенин жазды. Маалыматка караганда, алардын дээрлик баары ысыктан улам каза тапкан. Сауд Арабиясынын метеорологиялык борбору дүйшөмбү күнү Меккеде абанын табы 51,8 градуска жеткенин кабарлады.

"Франс Пресс" агенттиги 19-июнда зыяратчылар арасында ысыктан каза болгондордун жалпы саны 577 адамга жеткенин кабарлады.

Сауд Арабиясынын өкмөтү өткөн аптада 2000дей зыяратчы ысыктан улам дарыгерлерге кайрылганын билдирген. Эр-Рияд ажылыкка баргандардын арасында каза болгондор же ысыктан жабыркагандар тууралуу маалымат бере элек.

14-июнда ажылык ибадаты башталды. Эл аралык медиа быйыл эки миллиондон ашуун киши зыяратка барарын жазган.

Сауд Арабиясы быйыл ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 АКШ доллары деп бекитилген.

Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Бул учурда дүйнөнүн булуң-бурчунан мусулмандар Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларына зыяратка барышат. (AiA)