Газадагы "тактикалык тыныгуу", Израилдеги нааразылык

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Газада Израилдин соккуларынан соңку суткада кеминде он кишинин өмүрү кыйылып, дагы ондогон киши жараат алды. Буга чейин Израил Газага гумжардамдын жеткирилишин камсыздоо үчүн 15-июндан тартып «тактикалык тыныгуу» болорун жарыялаган эле. Израилдин өзүндө өкмөткө каршы акция өтүп, барымтада кармап турган жарандар бошотулбай, согуш жыйынтыкталбай жатканына нааразылыктар айтылды.