Bloomberg агенттиги немис бийлиги расмий Ташкент менен Өзбекстан аркылуу ооган качкындарын мекенине кайтаруу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатканын жазды.
Аталган агенттик ички булактарына таянып, Германиянын делегациясы быйыл май айында Ташкентке «миграция келишимин» талкуулоо үчүн барганын, сүйлөшүүлөр аягына чыга электигин кабарлады.
Басылма мындай кадам Берлинге азыркы ооган өкмөтү Талибан менен түз сүйлөшүүлөргө барбоого мүмкүндүк берерин жазган.
Келишимге ылайык, Берлин өлкөгө кирүүгө тыюу салынган ондогон ооган качкындарын Өзбекстан аркылуу Ооганстанга жиберет. Белгилүү болгондой, качкындарды жеке авиакомпания ташыйт.
Өзбек өкмөтү бул үчүн Берлинден өзбек жарандарынын Германиядагы мыйзамдуу эмгек миграциясына уруксат берүүнү каалаганы айтылат.
Bloomberg Германия өкмөтүнүн миграциялык келишимдер боюнча атайын өкүлү Йоахим Стамп маселени талкуулоо үчүн Өзбекстанга барарын кошумчалаган. (AiA)