18-июнда Татарстандын Жогорку соту “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр кызматынын журналисти Алсу Курмашеваны камакта калтырды. Бул тууралуу «КоммерсантЪ» гезити Курмашеванын адвокатына шилтеме берип жазды. Жактоочу Курмашеванын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Бирок бул жолу да сот адвокаттын мындай өтүнүчүн четке какты. Соттук отурум жабык эшик артында өттү.
"Idel.Реалии" жазгандай, Жогорку сотунун судьясы Ризван Юсупов Казан шаарынын Совет райондук сотунун 31-майда Алсунун камактагы мөөнөтүн 5-августка чейин узарткан чечимин мыйзамдуу деп тапты.
Акыркы сот отурумунда журналист өзүнүн саламаттыгы начарлап баратканын айткан. Алсу Курмашеванын айтымында, ал операцияга муктаж. Журналист балдарынын үнүн акыркы жолу 2023-жылдын октябрь айында укканын, ошондон бери байланышууга уруксат бербей жатышканын билдирген.
Курмашева 2023-жылдын октябрынан бери камакта отурат. Аны "чет элдик агент" катары каттоого алуу керектигин бийликке билдирген эмес деп айыптап жатышат. 2023-жылы 11-декабрда "Нет войне. 40 историй россиян, выступающих против вторжения в Украину" деген китеп үчүн орус армиясы тууралуу фейк маалымат тараткан деген негизде дагы бир иш козголгону маалым болгон. Андан мурдараак, 11-октябрда Казан соту Курмашеваны "экинчи жарандыгы бар экени тууралуу тийиштүү органдарды кабардар кылган эмес" деген айып менен соттоп, 10 000 рубль (110 доллар) айып салган.
"Мемориал" укук коргоо долбоору Курмашеваны саясий туткун деп жарыялаган.
"Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Without Borders - RSF) эл аралык уюму Курмашева адам чыдагыс жана басынтуучу шартта кармалып турганын белгилеп, орус бийлигин аны тез арада бошотууга чакырган.
АКШнын жана Орусиянын жараны, Чехиянын борбору Прагада жашаган Алсу Курмашева былтыр май айында үй-бүлөлүк иштери менен Орусияга барган. Июнда кайра кайтып жаткан учурда аны аэропорттон кармап, эки паспортун тең алып коюшкан.
Курмашева өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда. (AiA)