17-июнда Жалал-Абад облусунда селден бир өмүр кыйылганын "Азаттыкка" жергиликтүү бийликтен кабарлашты. Кочкор-Атада саат 17:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттон аккан суу чогулуп, сел жүргөн.
Мунун кесепетинен Эски Кочкор-Ата айылынын тургуну, 10 жаштагы өспүрүм селге агып, каза болгону маалымдалды.
Баланын сөөгүн жергиликтүү тургундар саат 19:10до таап, жакындарына өткөрүп беришти.
Жеринде тактоо иштерин жүргүзүлүп жатат. ӨКМ кызматкерлери жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, сел каптаган аймактагы тургундар эвакуцияланууда.
Дагы караңыз
Жайлоого көчкөн малчынын түйшүгүОрус аскерлеринин Украинадагы кылмыштарын иликтеген кабарчыга издөө жарыяланды Москвада 30дай тажикстандык аэропортто кармалып турат АКШнын аскер кызматкери орусиялык аялга кол салбаганын сотто айтты