Орусия америкалык журналист Эван Гершковичтин сотун жабык өткөрөт

Эван Гершкович.

Орусияда камакта отурган америкалык журналист Эван Гершковичтин соту жабык өтөт, алгачкы жыйын 26-июнга дайындалды. Бул тууралуу бүгүн 17-июнда Свердлов облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн аптада Орусиянын Башкы прокуратурасы Гершковичке тыңчылык тууралуу козголгон иш тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөнүн, териштирүү Екатеринбург шаарындагы сотто өтөрүн билдирген. Америкалык Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы, АКШ жараны, 32 жаштагы Гершкович ушул шаарда 2023-жылдын март айында жумуш сапары учурунда кармалган.

Башкы прокуратура "Тергөөчүлөр Wall Street Journal гезитинин кабарчысы америкалык Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) суроосу боюнча 2023-жылдын март айында аскер техникасын өндүрүүчү жана оңдоочу "Уралвагонзавод" өндүрүш ишканасынын ишмердүүлүгүнө байланышкан купуя маалыматты чогултуп жүргөнүн аныктап, документалдуу түрдө тастыкташты", - деп билдирген.

Wall Street Journal басылмасынын ээси Алмар Латур жана башкы редактору Эмма Такер 13-июндагы билдирүүсүндө орус прокуратурасынын кабарчысы боюнча чечимин “жалган соттук териштирүү”, “абдан көңүл калтыруучу, дагы эле ачуу келтирүүчү” кадам деп аташкан.

Гершкович өзү айыптоону четке кагып келет. АКШ администрациясы журналистке тагылган айыпты «күлкү келерлик» деп атаса, өлкө президенти Жо Байден анын кармалышын «таптакыр мыйзамга туура келбеген» деп баалаган.

Журналист Москвада "Лефортово" тергөө абагында кармалууда. Ал 30-июнга чейин Екатеринбургга которулары кабарланган.

Орусияда тыңчылыкка айыпталып Гершковичтен тышкары дагы бир америкалык жаран, мурдагы деңиз аскери Пол Уилан камакта отурат. Ал да орус тарап таккан айыпты саясий мүнөзгө ээ деп, четке кагып келет.

АКШнын дагы бир жараны, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы, орус да жарандыгы бар Алсу Курмашева былтыртан бери Казан шаарында камакта кармалууда. Кошмо Штаттар жана радио ал журналисттик ишмердүүлүгү үчүн куугунтукталып жатканын белгилөөдө. (RK)

Дагы караңыз

"Шаарлар кеңейди, чиновниктер кыскарды". Аймактык реформанын оош-кыйышыПутин согушту токтотуу шартын айтты, Украина аны "мазактоо" деп атадыКыргызстанда гепатиттин жана ВИЧтин таралышы боюнча улуттук изилдөө башталат Кыргызстан Орусияны кыйгап өтчү темир жолду кантип салат?