Жайлоого көчкөн малчынын түйшүгү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жаз жана жайдын башы Кыргызстандын ар кайсы аймагында эл жайлоого көчүп жаткан маал болот. Жайлоого көчүү - бул бир жагы төрт түлүк мал менен тиричилик кылган элеттиктер үчүн муктаждык, экинчи жагы көчмөн элдин маданиятындагы табиятка мамиленин көрүнүшү.

Малчылар ички жайыттарды күздөө, жаздоого сактоо максатында, алыскы жайытка күндөп-түндөп жетишет. “Данисте” ХХI кылымдагы кыргыз көчүнүн өзгөчөлүгү, түйшүгү, малчынын турмушу тууралуу айтып берет.