14-июнь: “Кемпирабадчылар” акталды, Орусияда кармалган журналист Гершковичтин иши сотко өттү

Кемпир-Абад иши боюнча акталгандар. 14-июнь, 2024-жыл.

14-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Сот “кемпирабадчыларды” актады

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активисттердин баарын актады. 10-июндагы жараянда прокурорлор айыпталуучулардын ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын соттон сураган. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Тергөө жана соттук иштер эки жылга жакын убакыттан кийин бүттү.

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу үчүн үч өлкө Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) түзөт.

Ал ишкана Кыргызстанда жайгашат. Компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет. Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багытында курулат. Үч өлкөнүн темир жолунун кыргыз жергеси аркылуу өтчү линиясынын баштапкы баасы 5 млрд доллардын тегерегинде деп бааланган. Багыттардын өзгөрүшүнө жана курулуш иштеринин аткарылышына байланыштуу суммалар алымча-кошумча болушу мүмкүн.

CPJ: 11 журналистке козголгон кылмыш ишти токтотулушу керек

Эл аралык журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Кыргызстандын бийлигин Темиров Live иликтөө долбоорунун мурдагы жана азыркы 11 кызматкерине ачылган кылмыш ишти токтотуп, тагылган айыптарды токтоосуз алууга чакырды. 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. Аларга “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылууда. Кармалгандардын ичинен жети киши эркиндикке чыгып, төртөө тергөө абагында жатат.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасын Максим Лисицын машыктырат

Орусиялык адис Максим Лисицын башкы машыктыруучусу болуп дайындалганы тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады. 46 жаштагы Максим Лисицын курама команданы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-баскычына даярдайт. Мелдештер сентябрь айында башталат. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович жана машыктыруучулар штабы 13-июнда толук курамы менен кызматтан кеткен.

БУУ: Аргасыз жер которгондор саны жаңы чекке жетти

Чыр-чатак, согуш, зомбулук жана куугунтук айынан үй-жайын таштап качууга мажбур болгондордун саны былтыр жана быйыл дүйнө жүзүндө мурда болуп көрбөгөндөй чекке жеткенин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча жогорку комиссар башкармалыгы билдирди. Башкармалыктын 2024-жыл боюнча баяндамасында айтылгандай, быйыл май айында эле аргасыз мигранттар 120 млн кишиге жетти. Баяндамада 2023-жылдын соңунда бул өлкөдө үй-жайын таштоого мажбур болгондор 10,8 млн адамга жетти, Конгодо жана Мьянмада да былтыр миллиондогон киши ички качкын болгону белгиленет. Газа секторунда калктын 75% (1,7 млн киши) үй-жайынан кетүүгө аргасыз болду. Быйыл май айында качкындар саны былтыркы жылдын май айына салыштырганда 10% көбөйгөнү, бул дүйнө калкынын 1,5% экени белгиленди.

Украина Орусиянын чабуулдары уланганын билдирди

Украинада түнү жана эртең менен да дээрлик бардык аймактарда абадан сокку урулары тууралуу эскертүү берилип жатты. Сумы облусунун аскердик администрациясы Орусиянын FPV-дрону жай тургундар бараткан автобуска тийип, кеминде үч аял жараат алды. Жалпысынан өткөн түнү Орусия Украинанын аймагына 14 ракета учурганы, абадан коргонуу системасы алардын жарымын жана 17 дрондун баарын атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Газа: Байден ХАМАСты тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү "негизги тоскоолдук" деп атады

Газа секторунда Израил армиясынын чабуулдары уланып жатканын France-Presse (AFP) агенттиги жергиликтүү тургундарга шилтеме жасап кабарлады. Бейшембиде Рафах шаарына ракеталык көп сокку урулганы, ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) тобунун жоочулары менен көчөдө кармаш жүргөнү маалымдалды. АКШ президенти Жо Байден Италияда G7 саммитинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ХАМАСты Газада "тынчтык орнотуудагы тоскоолдук" деп атады.

Орусияда кармалган америкалык журналист Гершковичтин иши сотко өттү

Wall Street Journal гезитинин кабарчысы, америкалык журналист Эван Гершковичке тагылган тыңчылык боюнча айып тастыкталып, иш Свердлов облустук сотуна жөнөтүлдү. АКШ жараны, 32 жаштагы Гершкович 2023-жылдын 29-мартында Екатеринбург шаарында кармалган. Wall Street Journal басылмасы орус сотунун соңку чечимин “жалган соттук териштирүү”, “абдан иренжиткен, кыжыр келтирген” кадам деп сыпаттады. Гершкович Москвада "Лефортово" тергөө абагында кармалууда. Ал 30-июнга чейин Екатеринбургга которулары кабарланууда. АКШнын дагы бир жараны, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы, орус да жарандыгы бар Алсу Курмашева былтыртан бери Казан шаарында тергөө абагында отурат.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.