Кемпир-Абад иши: Айыпталуучулардын жакындары соттон адилет чечим күтүшөт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар сотто акыркы сөзүн сүйлөп жатат. Андан кийин сот өкүм угузат. Прокурор өткөн жумада айыпталуучуларга 20 жылдан жаза сураган. Ереванда оппозиция менен полиция кагылышып, жүздөй киши жабыркады. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан чыгарын кайталаган Арменияда саясий абал курчуду. Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берди. Бул арада Миң-Куштагы кырсык тууралуу "Росатом" корпорациясы жооп берди.