ККМге каршы митинг. Соода-сатыкты ачык-айкын жүргүзсө болобу?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

1-июлдан баштап өлкөдө бардык соода жүгүртүү иштеринде көзөмөл-кассалык машинасы - ККМ милдеттүү түрдө колдонулушу керек. Президент Садыр Жапаров 6-июнда ири базар ээлери, соодагерлер менен жолугуп, ККМ, электрондук коштомо кагаздары, электрондук эсеп-фактуралар боюнча жыйын өткөргөн. Акыркы күндөрү ишкерлер нааразылык билдирип жатат. Студиянын коноктору Салык кызматынын товарларга байкоо жүргүзүү механизмин ишке киргизүү башкармалыгынын жетекчиси Азат Алманбетов, Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү Нурзат Алимырзаева жана ишкер Нурбек Шайбылдаев.