Газадагы согушту токтотууга чакырган резолюция

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши биринчи күндүн кечинде Газадагы согушту токтотууга чакырган биринчи резолюцияны жактырды. Документ АКШ президенти Жо Байдендин тынчтык сунушун кубаттайт. Ал арада Пентагон Израиль 4 кишини барымтадан бошоткондо Вашингтон курган пирсти колдонгон деген маалыматтарды четке какты. ХАМАС башкарган тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси куткаруу операциясында 274 палестиналык каза тапканын маалымдаган.