Кыргызстандын бийлиги жыл башында Бишкектин чет жакасындагы кум-шагыл чыккан чоң карьерди өз карамагына алгандан кийин жылдар бою уюган чаңдан тажаган жергиликтүү тургундардын көңүлү жай алгандай сезилген.
Бирок эми өкмөт өзү экологиялык мыйзамдарды бузуп, ушул жерде күрдөөлдүү өндүрүш түзөбүз деп турган кези. Болбоcо мамлекет февраль айында эле бул карьерди айлана-чөйрөнү коргоо деген шылтоо менен өз карамагына алган. “Азаттыктын” иликтөөсү көрсөткөндөй, ушул тапта кум-шагыл чыккан жер президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашып жаткан бараандуу турак жай долбоорун курулуш материалы менен камсыздайт.
“ЖБИни (заводду) алып кетебиз дешкен. Бирок азыр кайра күчтөнүп иштей баштады. Түңүлүп калдык, эч нерсе кыла албайт окшойбуз. Мына бул жак улам кеңейип келатат, машинелерди коюшат. Эшигинин алды эртең менен машинелерге толуп калат. Аяктын чаңы эртең менен тоодон бизди каптайт экен да,” - дейт Гүлай Апсултанова.
Экологиялык активисттер, тургундар жана Жогорку Кеңештин депутаты Бишкектин түштүк-чыгыш ыптасында жайгашкан 12-микрорайондогу 67 гектар жерге мэрия жарыялагандай эки завод салынса, баш калаанын ансыз дагы кир абасын дагы булгаарын эскертишет.
Карьерге мурда ээлик кылган менчик компания Жапаровдун өкмөтүн мамлекеттик курулуш долбоорлорун арзан кум жана шагыл менен камсыздоо үчүн карьерди тартып алган деп айыптайт.
“Азаттык” радиосу оор жүк ташуучу машинелер карьерден кум-шагыл жүктөп, кыргыз бийлигинин дымактуу демилгеси менен курулуп жаткан 200 миллион долларлык турак жай комплексине киргенин видеого тартып алганына карабай кыргыз бийлиги жогорудагы айыптоону мойнуна албайт. Долбоордун башкы подрядчысы коррупцияга айыпталып, бир нече жыл абакта отуруп, кийин акталып чыккан Бишкектин экс-мэринин жакын тууганы.
Соңку үч жылда саясий айдыңда өз көзөмөлүн күчөткөн учурдагы бийлик ачык-айкындуулуктун жоктугу жана мыйзам үстөмдүгү солгундап кеткени үчүн коррупцияга каршы күрөшкөн уюмдардын сынына кабылууда.
Буга чейинки журналисттик иликтөөлөр президенттин туугандары жана үзөңгүлөштөрү мамлекеттик келишимдерден жана инфраструктуралык долбоорлордон каржылык пайда көрөрүн ашкерелеген.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жаңы заводдордун курулушуна каршы тургундардын арыз-дооматын Жаратылыш ресурстары министрлигине тапшырган. Министрлик депутаттын кайрылуусуна жооп иретинде заводдордун биринде алгачкы иштер экологиялык негиздемеси жок эле башталганын билдирген.
“Мурда булганыч аба Бишкектин борбордук же ылдыйкы бөлүгүнөн башталчу. Бул заводдор курулгандан кийин уулуу заттар Бишкектин өйдө жагынан борборуна карай шамал менен тарайт да.”
Ошол эле маалда өкмөт жаап салганына карабай карьердин жана асфальт-бетон заводдун иши күндө кадимкидей ыргакта уланып жатат.
"Кесепети айдан ачык"
Бишкектин 12-микрайонундагы кум-шагыл чыккан карьер советтик доордо 1968-жылы ачылып, Аламүдүн кум кени деп аталган.
1985-жылы Бишкектин шаардык кеңеши (ал маалда Фрунзе) бул ишкана “шаардын абасын булгаган негизги булак” экенин белгилеп, турак үйлөр жана эс алуу зоналары жайгашкан жерде андай объект болбошу керек деген негизде жапкан.
“Азаттыктын” колуна тийген ал документте турак үйлөргө жакын жайгашкан чоң карьердин айлана-чөйрөгө таасири тууралуу айтылат.
“Карьердин экологиялык таасирине байланыштуу расмий же көз карандысыз изилдөөлөр болгон эмес. Бирок кесепети көрүнүп эле турат. Өндүрүштөн чыккан заттар абаны булгайт жана жер алдындагы суу запасы кескин азайышы мүмкүн”, - деген эко-активист жеке коопсуздугунан чочулап аты-жөнүн ачык айтууну туура көргөн жок.
Бишкек дүйнөдө абасы өтө булганган шаарлардын бири. 2022-жылы ноябрда жарыяланган ЮНИСЕФтин баяндамасында булганган аба “Кыргызстанда адам өмүрүн кыскартып, элдин саламаттыгынын начарлашынын эң чоң экологиялык фактору” экени белгиленген.
Карьерди казуу иштерин 1999-жылы Бишкектеги курулуш материалдарын чыгарган “Кум-Шагыл” жабык акционердик коому кайра жандандырган. Жылына он миңдеген тонна кум, шагыл, бетон жана башка материалдар тездик менен кеңейип бараткан кыргыз баш калаасындагы курулушту камсыздап турган.
Бул райондун көпчүлүк тургундары Бишкекти ансыз дагы калың түтүн каптап турганда карыш жерде карьер казылганына нааразы болушкан. 2022-жылы президент Садыр Жапаровго жолдогон катта бул жерге жакын жайгашкан Көк-Жар айылынын тургундары карьерден чыккан чаңга көмүлүп калышканын айтып, ал жерди жабууну суранган.
“Кум-Шагылдын” лицензиясы 2025-жылга чейин жарактуу. Бирок февралда Бишкек мэриясы жана президенттин администрация жетекчиси күч түзүмдөрүнүн колдоосу менен карьерди жаап, заводдун ишин токтоткон.
Үч тилке, чоң карьер
67,7 гектар жерди ээлеген карьерди иштетүү үчүн үч лицензия берилген. Жер тилкеси Бишкек мэриясына таандык. Мурда “Кум-Шагылдын” шаар бийлиги менен жерди пайдалануу боюнча макулдашуусу жана үч тилкеде казуу иштерин жүргүзүүгө лицензиясы бар эле.
16 гектар жерге “Кум-Шагыл” жабык акционердик коому "кызыл китеп" алып, асфальт-бетон заводу иштеп турган.
2021-жылдан тарта кыргыз бийлиги заводду өз карамагына алуу учүн бир нече жолу аракет кылып, жерди пайдалануу боюнча макулдашууну узартпай койгон. Ошондон бери “Кум-Шагыл” Бишкек мэриясы менен соттошуп жүрөт.
Быйыл январь жана февраль айларында "Кум-Шагылдын" жумушчулары бир нече күн нааразылык иш-чараларын уюштуруп, президент Жапаровго кайрылганы менен жооп алышкан эмес.
Бирок бир айга жетпей Бишкек мэриясынын жана президенттин иш башкармалыгынын көзөмөлү алдында карьер кайра ачылып, заводдун иши жандаган. Алар өкмөттүн сырттан башкаруу киргизүү тууралуу токтомунун негизинде тилкени өз карамагына алган.
29-августка чейин узартылган бул токтомдо мындай чечим “адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жараткан” экологиялык мыйзам бузууларды четтетүү үчүн кабыл алынганы белгиленген.
Арийне УКМКнын өтүнүчү менен жүргүзүлгөн жана “Азаттыктын” журналисттери таанышкан экологиялык анализде карьердин 16 гектарын иштетүү тууралуу “Кум-Шагылдын” лицензиясы бардыгына карабай, компаниянын ишмердиги мыйзамсыз экени белгиленген. Анткени бул аймак жер алдындагы суунун булагы жана коомчулук колдонуучу “жашыл зона” деп көрсөтүлгөн.
Ал эми жергиликтүү тургундардын Бишкек мэриясы парк долбоорунун алкагында заводду жабат деген үмүтү ишке ашпай калды.
30-мартта, андан эки ай өтпөй Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев шаардын жолдорун оңдоп-түзөө үчүн асфальт чыгаруунун көлөмүн кескин көбөйтүү максатында эки жаңы асфальт-бетон завод куруларын жарыялады.
Жаңы заводдун бири шаарга караштуу “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасына таандык. Ушул тапта аны шаардын башка тарабынан карьерге көчүрүп жатышат.
Жаратылыш ресурстары министрлиги депутат Бекешевге бул завод айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдар талап кылган “эсеп-долбоору же уруксаты жок эле” ишке киргизилип жатканын билдирген.
“Бишкекасфальтсервисти” тейлеген Бишкек мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев ишкана “12-микрорайондогу карьерге заводун көчүрүүнүн соңуна чыгып калганын” “Азаттык” радиосуна билдирди.
“Жаңы заводдор, анан мурунку завод да көчпөдү беле, биз азыр ошону куруп жатабыз. Буюрса бир же бир жарым айдын ичинде ишке кирип калат”, - деди вице-мэр.
Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы өкмөт курулушту токтотушу ыктымал экенин айтканы менен аны тастыктаган эч кандай документ көрсөткөн жок.
Кыргыз улуттук университетинин эколог-изилдөөчүсү, доцент Нурбек Теңирбердиев “Азаттык” радиосуна берген комментарийинде карьерлер “калктуу пункттардан алыс жайгашуусу зарыл” экенин белгилеп, “аны иштетүүдөгү биринчи эреже - экологиялык стандарттарды сактоо” экенине токтолду.
“Карьерлерди иштетүү, ал жерден сырье алуу калктуу пункттарга жакын болбошу керек да. Мындай жерлерди иштетүүдө эң биринчи кезекте экологиялык талаптарды сөзсүз эске алыш керек. Шамалдын багыты кантип өзгөрүп жатканы абдан маанилүү. Карьер казууда мейли ал металл болсун же курулуш материалдарыбы, баары бир ал жерде чаңдайт, майда бөлүкчөлөр өйдө көздөй көтөрүлүп, шамал менен учат. Калктуу пункттар жакын болсо таасирин тийгизбей койбойт. Таасири өтө оор болот.”
Апрелде Бишкек мэриясы шаар башчы Айбек Жунушалиев карьерге барып, “Бишкекасфальтсервистин” заводу курула турган жердеги иштин жүрүшүн текшергенин билдирген.
6-июнда мэриянын кеңсеси пландалган заводдун курулуштары баштала электигин “Азаттыкка” билдирди.
Өкмөттөгү булактарыбыздын бири “Азаттыкка” айтканына караганда, карьер кагаз бетинде гана мэриянын карамагында болгону менен чындыгында аны өкмөттүн сырттан башкаруу киргизүү токтомуна ылайык президенттин иш башкармалыгы көзөмөлдөйт.
Президенттин иш башкармалыгына карьердин иши тууралуу электрондук почта менен жиберген суроолорубузга материал жарыялангыча жооп келген жок.
Карьерди ким көзөмөлдөсө дагы күн сайын кум менен шагыл тарткан машинелер шаардагы курулуштарга, анын ичинде мамлекеттик социалдык турак жай программасына кирген жерлерге каттайт.
“Рейдерлик менен тартып алуу”
Кадимки иш күндөрүнүн биринде “Азаттыктын” журналисти кеминде эки өзү төгүүчү жүк ташыган машине баасы 200 миллион долларлык “Дастан-Сити” деп аталган турак жай курулуш комплексинен чыгып, карьердин батыш тарабындагы дарбазалардын биринен кирип кеткенине күбө болгон.
Курулушу быйыл апрелде башталган “Дастан-Ситиде” 9 миң батир салынып, алардын 500ү ипотекалык негизде төмөндөтүлгөн баада мамлекеттик кызматкерлерге берилет. Долбоор президент Жапаровдун быйыл январда күчүнө кирген мамлекеттик кызматкерлерди социалдык турак жай менен камсыздоо программасынын бөлүгү болуп саналат.
"Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик программасы
"Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик программасына 2021-жылы президент Садыр Жапаров кол койгон. Кыргыз бийлигинин бул дымактуу программасына ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылат.
Курулушу быйыл мартта башталган "Дастан-Сити" МИКтин эң ири турак жай комплекси болорун кыргыз өкмөтү жарыялаган. Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, бул долбоорго Германиядан, Бириккен Араб Эмирликтеринен миллиондогон доллар инвестиция тартылган. Бишкектин 11-кичи районунда 9,64 гектар жерге 17 кабаттуу 24 үй салынып, анын ичинен аянты 40 050 чарчы метр болгон 500 батир төмөндөтүлгөн баада мамлекеттик кызматкерлерге берилет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров долбоорду “Экспострой Курулуш” компаниясы ишке ашырарын жана анын акысына Бишкектен эки жер тилкеси берилерин айткан.
Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 2023-жылы эле турак жай алуу үчүн 38 миң 209 адам МИКга кезекке турган. Ушул тапта электрондук порталда кезекте тургандар 100 миңге жакын адам (99 миң 931). 2015-жылдан бери мамлекеттик ипотека менен 18 миңден ашык киши үйлүү болду.
МИК 2015- жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. 7 миллион калкы бар, экономикасы чакан өлкөдө бирден бир талылуу маселе - турак жай менен камсыз кылуу. Айрыкча Бишкек, Ош, Жалал-Абад сыяктуу чоң шаарларда, калк көп жашаган жерлерде он жылдап үй-жайга жете албай жүргөндөр арбын. Өкмөт 40 райондо, 32 чакан шаарда жана жети облустун борборунда МИК көп кабатуу үйлөрдү кура баштарын жарыялаган.
“Дастан-Ситини” салуу боюнча келишимди “Экспрострой Курулуш” алган, бирок анын мамлекеттик тендерден кантип тандалганы тууралуу маалымат жок. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Алманбет Шыкмаматов "Азаттыктын" журналистине "Экспрострой Курулуш" тендерден кантип тандалганы тууралуу маалыматы жоктугун, ал кызматка дайындалганга чейин чечим кабыл алынганын айтты.
“Аны “Дастан-Ситинин" өзүнөн сурагыла. Мен билбейт экенмин. Ал мен келгенге чейин эле бир жыл мурда болуптур да. Бир жыл мурун өкмөттүн токтому чыгыптыр. Өкмөттүн токтому менен келип салыптыр”, - деди Шыкмаматов.
“Экспрострой Курулуштун” ээси, 2013-жылы коррупцияга айыпталып, 11 жылга кесилген экс-мэр Нариман Түлеевдин иниси. Кийинчерээк Жогорку сот мурунку мэрдин соттуулугун жокко чыгарган.
Учурда “Кум-Шагыл” компаниясы карьердеги өндүрүш жайларын мамлекет “рейдерлик менен тартып алды” деп соттордо өз таламын талашып жүрөт. Аталган компания өкмөт тартып алган активдерди мамлекеттик курулуш долбоорлору үчүн арзан материалдары сатып алууга жумшап жатканын ырастайт.
“Азыркы учурда бетон, кум, шагыл сыяктуу казылып алынган материалдардын баары мамлекеттик объектилерге кетүүдө. Мамлекеттик объектилердин курулушуна кетүүдө. Бизди компанияны башкаруудан четтетип салышкан", - деди "Кум-Шагылдын" директору Айдин Ибраев.
- Кайсы объекттерге кетүүдө?
- Стадиондорго, прокуратуранын курулушуна, ошондой эле 11-микрорайондо "Дастан-Ситиге" да кетип жатканы тууралуу маалыматтар бар. Себеби ал жак мамлекеттик ипотекалык курулуш да.”
Өткөн аптада Кыргызстандын парламентинде бул маселе көтөрүлүп, оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын өкүлү Гуля Кожокулова прокуратураны жана атайын кызматты “бул ишке жакындан көз салууга” чакырды.
“Ушул тапта бизде азыр мамлекеттик ипотекалык насыянын алкагында социалдык үйлөр курулуп жатат. Буга эч кандай каршылыгым жок. Бирок ошол курулуштарды аткарган компаниялар кум, шагыл сыяктуу материалдарды бекер алгысы келип жатат”, - деди депутат Кожокулова.
"Экспострой Курулуштун"директору Кубанычбек Түлеев "Дастан-Сити" долбооруна карьерден эч нерсе алынбай турганын "Азаттыкка" айтып, бирок кайсы компаниялар курулуш материалдары менен камсыз кыларын тактоодон баш тартты.
“Азырынча бизге кум, шагыл керек эмес. Биз бетонду башка өзүбүздүн көп жылдан бери иштешкен компаниялардан алып жатабыз.”
“Бишкекасфальтсервисти” тейлеген Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев “Азаттыкка” компания “бардык жабдыктарын” карьерге ташып жеткиргенин, бирок “шагыл менен кумду башка карьерлерден сатып алып жатканын” айтты.
Жаратылыш ресурстары министрлиги “Азаттык” радиосуна “Бишкекасфальтсервисине” расмий кат түрүндө “кенди пайдаланууга эч кандай лицензия берилбегенин” билдирди.
Вице-мэр Ырсалиевдин сөзүнө караганда ал башкарган компания “Дастан-Ситини” эч нерсе менен камсыздабайт.
Бул жерге чукул дөбөлөрдөн карьер алаканга салгандай көрүнөт. “Азаттыктын” журналисти ошол дөбөдө туруп карьерден кум менен шагыл жүктөгөн саргылт түстөгү жүк ташыган көптөгөн машинелердин “Дастан-Ситинин” курулушун көздөй багыт алганын байкаган.
Карьерде казуу иштерин ким жүргүзүп жатканы тууралуу сурообузга мэрдин орун басары “Бизде андай маалымат жок. Балким кайсы бир менчик компания казып жаткандыр” деп жооп берди.
Карьерге жакын жашаган тургундар үчүн ал жерди ким көзөмөлдөп, казылган кум менен шагылды ким алып жатканы анчейин деле маанилүү эмес.
“Эми бул чоң терезелерди атайын гүл өстүрөйүн деп жасатканбыз да. Тоолорду карап, таза аба кирип турат дегем. Азыр завод болсо терезенин так түбүндө, карьер улам чоңоюп баратат. Маселе чечилеринен үмүт үзүп калдык”, - деди терең үшкүрүнгөн Гүлай Апсултанова.