Бишкекте боор алмаштыруу операциясы жасала баштады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

10-июнда Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өткөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Бейтаптын да, донордун да абалы туруктуу. Тогуз саатка созулган операцияга жергиликтүү жана түркиялык дарыгерлер катышкан. Адистер соңку убакта гепатиттин кан аркылуу жуккан оор түрлөрү жайылып, боор алмаштырууга мажбур болгондор көбөйгөнүн белгилешет.