Европарламент: ашынган улутчулдардын жеңиши

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Европа парламентине болгон шайлоодо ашынган оңчулдар ийгиликке жеткени Еврошаркеттин келечектеги саясий багыты тууралуу суроолорду жаратты. Борборчул жана либерал партиялар, социалисттер жалпы жонунан көпчүлүктү сактап калганы менен 28 мандаттан кол жууп калды. Аналитиктер улутчулдардын позицияларынын жакшыруусуна баалардын өсүшү, мигранттардын көбөйүшү, Украинадагы согуш таасир эткенин белгилешет.