Президент электромобил чыгаруучу завод курулуп жатканын билдирди

Өкмөт үйүнүн алдындагы электромобилдер. Бишкек. 4-декабрь, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда Кытай мамлекети менен биргеликте электромобил чыгаруучу завод салынып жатканын билдирди. Президент бул тууралуу 7-июнда Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жассер жолугушуу учурунда Кыргызстандагы экология маселеси жөнүндө айтып жатып билдирди.

“Кошуна Кытай өлкөсү менен биргелешип электромобил чыгарган завод куруп жатабыз. Ал жылына 80 миң машинеге чейин чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Өлкө боюнча эски, абаны булгап жаткан машинелерди топтоп, айырма баасын өлчөп 10-15 жылга электромобил беребиз. Кыргызстанда бүт электромобилге өткөрүү планыбыз бар. Ушул жылдан аягы же кийинки жылдан башында ишке ашырабыз”, - деди президент.

Быйыл февралда кытайлык China Hubei Zhuoyue Group компаниясы жергиликтүү ишкерлер жана кыргыз өкмөтү менен бирге Чүй облусунда электромобил чыгаруучу заводдун курулушун баштаган. Заводдун пайдубалын төшөөгө президент Садыр Жапаров да катышкан. Компания алгачкы унааны быйыл чыгара баштоо убадасын берген.

Президент ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкынын президенти менен жолуккандагы сөзүндө Ысык-Көлдө Асман шаарынын курулушу башталганын билдирип, ал жакта жалаң электр менен жүргөн автоунаалар болоорун, “жашыл шаар” салынаарын белгиледи.

2021-жылы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жалпы өлкөдө электромобилдерди көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү аракети көрүлүп жатканын, бул экологияны жакшыртууга салым болорун айткан. Бишкектин архитектура мекемеси шаарда электромобилдерге ыңгайлашкан атайын 63 бекеттин схемасы түзүлүп жатканын маалымдаган.

Кыргызстанга электромобил импорттоо боюнча тарифтик жеңилдиктер 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылган. Бажы төлөмдөрүнөн бошотуу жеңилдиги Евразия экономикалык биримдигине кирген төрт өлкөдө - Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстанда туруктуу жашагандарга берилет. Орусиялыктарда же орус жарандыгы бар чет элдиктерде мындай мүмкүнчүлүк жок. Чет өлкөдөн ташылып келген автоунаалардын көпчүлүгү сыртка реэкспорт болот.

Кыргызстанга 2024-жылы 10 миң, 2025-жылы 10 миң электромобил алып кирүүгө уруксат бар. Соңку жылдары электромобилдер көбөйө баштады. (TSh)

Дагы караңыз

Кыргызстандык Гүлназ Жүзбаева Паралимпиадага жолдомо утту