Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты

Гүлнара Баатырова

Президент Садыр Жапаровдун 7-июндагы жарлыгы менен Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан башка ишке өткөнүнө байланыштуу бошотулду.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен анын ордуна орун басары Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Жылдыз Полотованын талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.

Гүлнара Баатырова бул кызматка былтыр 13-сентябрда дайындалган.

Жылдыз Полотова 2018-жылы эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп турган кезинде премьер-министрдин уруксатысыз чет өлкөлөргө бир нече ирет саякаттаганы тууралуу чуулгандан кийин кызматтан кеткен.(ZKo)

Дагы караңыз

"Базар ээлери кошо айып төлөйт". Чечилбеген ККМ маселесиТөрт журналисттин абак мөөнөтү узартылдыЛуганск: жардыруудан үч киши мерт болуп, 30дайы жараат алды"Хакерлердин колунда менин маалыматым жүрөт. Кандай кылабыз?""Согушта эл кыйналды". Газада мектепке сокку урулду