Тергөө абагынын эки кызматкерине кылмыш иши козголду

Иллюстрациядык сүрөт.

Жаза аткаруу мекемелериндеги мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөгөн атайын прокуратура №1 жана №25 тергөө абактарында текшерүү иштерин жүргүздү.

Жыйынтыгында аталган тергөө абактарынын эки кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлагандай, №1 тергөө абагынын кызматкери абакта кармалып тургандар үчүн беш чөнтөк телефонун алып өтүүгө аракет кылганы аныкталган.

№25 тергөө абагынын кызматкери өзүнүн кол телефонун камакта отурган адамга саткан деп шек саналууда.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголду.

Ишти Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы иликтейт.(ZKo)

Дагы караңыз

Луганск: жардыруудан үч киши мерт болуп, 30дайы жараат алды"Хакерлердин колунда менин маалыматым жүрөт. Кандай кылабыз?"Төрт журналисттин абак мөөнөтү узартылды"Согушта эл кыйналды". Газада мектепке сокку урулду