Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 7-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31

Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23

Нарында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 31…33° ысык болот.

Дагы караңыз

Ошто дагы бир мончодон өрт чыктыАйдарова “Бүтүн Кыргызстандын” аны фракциядан чыгаруу чечимине комментарий бердиБишкектин мурдагы вице-мэри Сазыкулов тилкат менен эркиндикке чыктыKazakhmys УКМК издөө жарыялаган Жуманбаев боюнча комментарий берди